№50 тергөө абагынан качып кармалган кылмышкер Бакыт Кенжегулов «баш сөөгүндөгү жаракаттан» улам Бишкектеги №47 колонияда каза болду. Ал абактан качып, ошол эле түнү кармалган беш кылмышкердин арасында болгон, алардын бирөөсү кечээ эртең менен каза болгон.

Ал «көрүлгөн реанимациялык иш-чараларга карабастан» көз жумду, деп билдиришти Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтан (ЖАМК).

ЖАМКнын маалыматы боюнча, Кенжегуловдун өлүмүнө болжол менен «баш сөөгүндөгү жаракат» себеп болгон — мекеменин басма сөз кызматынан  азырынча алар жаракаттын ким тарабынан жана качан келтирилгендигин билбей тургандыктарын белгилешти. Кылмышкердин өлүмүнүн жагдайларын учурда жүрүп жаткан тергөө аныкташы керек.

Бишкектин Октябрь райондук соту Кенжегуловго карата өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн 2013-жылы  чыгарган.

Ал бир нече берене боюнча соттолгон: «адамды өлтүрүү үчүн кол салуу», «терроризм», «кылмыштуу уюм түзүү», «ок атуучу курал-жарактарга, жарылуучу заттарга мыйзамсыз ээ болуу, сатуу, сактоо жана алып жүрүү», «куралды мыйзамсыз даярдоо же оңдоо».

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Кенжегулов террористтик  «Жайшуль Махди» уюмунун мүчөсү болгон жана 2010-жылдын 30-ноябрында орун алган Бишкектеги Спорт Ордосунун жанындагы жардырууну ишке ашырган.

Ушул эле кылмыш үчүн №50 абактан качып кеткен Эдил Абдырахманов менен Данияр Кадыралиев да соттолгон болчу. Абдырахманов учурда издөөдө,  а Кадыралиев колго түшүрүү маалында милиция тарабынан өлтүрүлгөн.

Кармалгандардын экинчиси каза болду

Күн мурун — 20-октябрда — №50 абактан качып ошол эле түнү кармалган беш кылмышкердин арасында болгон Таалайбек Жуманов башка түзөтүү мекемесинде каза болгон.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, Жумановдун өлүмүнө «өткүр жүрөк кемтиги» оорусу себеп болгон, бирок аны учурда тергөө абагында иш жүргүзүп жаткан тергөө тобу так аныктайт.

Кенжегулов менен Жуманов  11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагынан качып кеткен тогуз кылмышкердин арасында болушкан. Качуу маалында алар абактын үч кызматкерин өлтүрүшүп, дагы бирөөсүн оор жарадар кылышкан. Кийинчерээк ал алган жараттарынан улам ооруканада көз жумган.

Жуманов адам өлтүрүү беренеси боюнча соттолуп жазасын өтөп жаткан. ИИМдин маалыматы боюнча, ал 2012-жылы досу Уланбек Айтматов менен урушуп кетип, аны өлтүрүп денесин жиликтеп салган.

Чүй облусунун милиция кызматкерлери Жумановду, Кенжегуловду жана алар менен бирге качкан дагы үч кылмышкерди 12-октябрь түнү алыс узатпастан эле колго түшүрүшкөн.

Учурда абактан качкандардын экөөсү эркиндикте калууда: Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахманов. Калган экөө — Данияр Кадыралиев менен Азамат Мүсүралиев «каршылык көрсөтүү аракети» үчүн милиция кызматкерлери тарабынан атылып өлтүрүлүшкөн.

Кадыралиев «Дордой» конушунда 16-октябрда өлтүрүлгөн — анда ИИМ колго түшүрүү маалында анын колунда бычак болгон жана ал каршылык көрсөткөн деп билдирген.

Мүсүралиевди милиция кызматкерлери 20-октябрда ушуга окшош эле шартта Чүй облусунун Сокулук районундагы айылдардын биринде атып жок кылышкан. ИИМден ал мал сарайда жашырынып жүргөндүгүн жана милицияга каршылык көрсөтүү аракетин көргөндөн кийин атылганын билдиришкен.