Ош облусунун Ноокат районундагы фермерлердин көбү тамеки өстүрүүдөн баш тартышып, алма бактарын отургуза башташты. Жергиликтүү багбандар 2015-жыл кыйла түшүмдүү болгонун айтышууда.

Ноокаттык фермерлер өздөрү өстүргөн алмаларды айылдаштарына, дүңүнөн сатып алуучуларга жана жергиликтүү бийликке Котормо айылында 10-октябрда өткөн алма фестивалында көрсөтө алышты. Багбандар ал жакка 20дан ашык сорттон турган дээрлик бир жарым тонна алма алып барышкан.

applefest_0001

Фестивалдын негизги катышуучуларынын бири балдар болушту — алардын көбү алманын костюмдарын кийип келишсе, башкалары жемиштерден гүлчамбар жана шуру-мончокторду жасашкан.

applefest_0008

Багбандар майрамда өзүлөрү өстүргөн алмаларды көрсөтүү менен гана чектелишкен жок, — алардын кээ бирлери жемиштерден бүтүндөй бир композицияларды даярдашкан, а жергиликтүү кондитердик цех алмадан жасалган абдан чоң пирог бышырган — анын узундугу 130 сантиметрди түздү.

applefest_0009

Уюштуруучулардын айтымдарында, фестивалдын максаты багбанчылыкты өнүктүрүү, багбандар менен жемиштерди кайрадан иштеткен ишканалардын жана Ноокат районундагы кардарлардын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө болуп эсептелет.

applefest_0002

Фестивалдын жүрүшүндө багбандар менен өндүрүүчүлөр тармакты өнүктүрүү маселесин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен талкуулашты — ал үчүн атайын тегерек стол уюштурулган.

Фестивалды уюштурган «Компаньон» каржы тобунун өкүлү Марлис Дүйшөгулов компаниянын өкүлдөрү ноокаттык фермерлерди алма өстүрүүнүн бардык баскычтарына үйрөтүп жаткандыктарын айтты.

«Ал окутууларда биз алма багын отургузуудан баштап түшүмдү сактоого чейин үйрөтөбүз. Мындагы фермерлер алмага башкача мамиле кыла башташты», — деди Дүйшөгулов.

applefest_0003

Алма өстүргөн багбандардын кооперативин жетектеген фермер Абдували Исраилов быйыл алманын түшүмдүүлүгү «абдан жакшы» болгонун айтты — анын кооперативи 1000 тоннадан ашык алма терген.

«Быйыл Ноокат районундагы фермерлердин дээрлик бардыгында тең ушундай түшүмдүүлүк болду», — деди Исраилов Kloop.kgнин кабарчысына өзүнүн кооперативиндеги бакчалардын бирин көрсөтүп. Анда чынында эле алма бактар мөмөнүн оордугунан жерге чейин ийилип калышкан.

applefest_0015

Фермер Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке киришинен пайда көрүү ниетинде.

«Биз Ноокатта өскөн алмаларды Казакстанга, Кытайга жана Орусияга жеткирүү боюнча келишим түздүк. Эгер аларга жакса фермерлер келечекте [аталган өлкөлөргө алма] экспорттошот», — деди Исраилов.

2014-жылы Орусия Европа биримдигине мүчө өлкөлөргө, АКШга, Канадага, Австралия жана Норвегияга каршы азык-түлүк эмбаргосун киргизген. Бул Крымдын аннексиясынан кийин батыш өлкөлөрү тарабынан киргизилген санкцияларга жооп катары көрүлгөн чара болгон. Орусиянын эмбаргосу алма алып кирүүгө да тийиштүү болгон.

Жергиликтүү мөмө-жемиш базарынын катышуучулары учурда Орусия өзүн алма менен 40 гана пайызга камсыз кылып жатканын айтып жатышат — калган бөлүгүн чет өлкөлөрдөн алып келүүгө туура келүүдө.

Исраиловдун айтымында, учурда ноокаттык багбандар сезондук жумушта күнүнө 1000ден 2500 сомго чейин иштеп табышат.

applefest_0012

Болжол менен бир ай мурда бул жакта натуралдык шире өндүрчү цех ачылган. Жергиликтүү фермерлер эми бүтүн бойдон сатууга жарабаган алмалардан шире чыгарууга болорун айтышты. Алардын айтымдарында, буга чейин андай алмалар жөн гана төгүлүп калчу.

Иштей баштагандан бери цех 50 тоннадан ашык шире өндүргөн. Анын директору Элмурат Жеңишбай уулу шире европалык жабдууда өндүрүлөрүн, а цехтин өзүндө 20 жергиликтүү тургун иштеп, суткасына анда 10 тоннага чейинки мөмө-жемиш иштетилерин айтты.

«Бизге Европадан, Орусиядан буйрутма берүүчүлөрдөн билдирмелер келди. Орусиялык бир компания биздин эксклюзивдүү жеткирүүчүбүз болууну каалап жатат», — деди Жеңишбай уулу.

applefest_0004

applefest_0005

applefest_0006

applefest_0010

Ноокатские дети представили зрителям фестиваля разные сорта яблок. Всего здесь можно было найти более 20-ти их сортов.
Ноокаттык балдар фестивалдын көрүүчүлөрүнө алманын түрдүү сортторун көрсөтүштү. Анда жалпысынан алманын 20дан ашык сортун көрүүгө мүмкүн болду.

applefest_0016

Тамеки өндүрүүнүн кыскарышы

Мурда Ноокат району өзүнүн тамеки талаалары менен белгилүү болчу — анда жылына 15 миң тоннага чейин тамеки жыйналган. Бирок 2014-жылы анын түшүмдүүлүгү он эсеге төмөндөп кеткен.

Тамеки өндүрүшүнүн мындай кыскарышына сырьёго болгон төмөнкү баа себеп болгон — жергиликтүү жашоочулар тамекини бир гана фирма сатып алып жатканын айтып даттанышкан болчу. Атаандаштыктык жоктугунан улам ал өтө төмөнкү бааны коюп келген. Өткөн жылы ал тамекинин биринчи сортун фермелерден 95 сомдон, а экинчи сортун 75 сомдон сатып алып турган.

«Тамеки өстүрүү — бул абдан оор түйшүк. Бирок тамеки талааларынын аянттары жыл сайын кыскарууда. Башка аймактарга көчүп кетип жаткан жергиликтүүлөрдүн саны өсүүдө», — деп даттанышкан 2014-жылы ноокаттык фермерлер turmush.kg сайтына.

Авторлор: Хлоя Гейне, Дмитрий Мотинов
Видеону монтаждагандар: Азат Рузиев, Тилек Бейшеналиев