Курчоодо турган милиция кызматкерлеринин маалыматы боюнча, №50 абактан качып кеткен Алтынбек Итибаев ыкчам топтун кызматкерлери тарабынан атайын операция өтүп жаткан Бишкектин «Достук» кичи районунда атылып өлтүрүлдү. Ал — абактан качып, кармала элек кылмышкерлердин акыркысы болчу. Операциянын жүрүшүндө эки жергиликтүү тургун менен бир милиция кызматкери да каза болду.

Атайын операциянын жүрүшүндө милиция кызматкерлери менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү Алтынбек Итибаевди атып өлтүрүштү — ал №50 абактан качып, кармала элек кылмышкерлердин акыркысы болчу.

Ошондой эле операциянын жүрүшүндө ИИМдин атайын отрядынын кызматкери жана жергиликтүү ЖМКлардын билдирүүлөрү боюнча дагы бир жергиликтүү тургун каза болду.

Бишкектеги «Достук» кичи районунда өткөрүлгөн атайын операция эки сааттан ашык убакытка созулду. Итибаев кичи райондогу көп кабаттуу үйдөгү батирлеринин биринде жашырынып жаткан.

Картада «Достук» кичи району кара түс менен бөлүнгөн.
Картада «Достук» кичи району кара түс менен бөлүнгөн.

Милициянын маалыматы боюнча, колго түшүрүү маалында Итибаев укук коргоо органдары менен атышуу уюштуруп, кийин граната пайдаланган.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев Kloop.kgге берген маегинде милиция кызматкерлери Итибаевди ал жашырынып жаткан үйдүн батирлерин текшерип жүрүп табышкан.

ИИМдин басма сөз кызматынан Kloop.kgге милиция кызматкерлери Бишкектин түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан «Достук» кичи районундагы үйлөрдүн биринде Итибаевди колго түшүрүүгө аракет кылып жаткандыктарын билдиришти. Милициянын маалыматы боюнча, ал укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен атышып жатат.

ИИМдин өкүлү Итибаевдин ал райондо милицияга жалгыз же кимдир бирөөлөрдүн колдоосу менен каршылык көрсөтүп жаткандыгын тактап айткан жок. «Спутник» маалымат агенттиги укук коргоо органдарына шилтеме жасоо менен ал имаратта жалгыз эмес экенин билдирүүдө.

«Абактан качкан Алтынбек Итибаев «Достук» кичи районундагы үйдө жалгыз атышпай эле, анын шериктери бар», — деп жазды «Спутник» ИИМдеги булагынын айткандарын.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын айтымында, милиция атышуу болуп жаткан жерге сүйлөшүү жүргүзө турган адамдарды өткөрүүдөн баш тартып жатат. Ал белгилегендей, алар Итибаевдин өлүмүнүн алдын алуулары мүмкүн болчу.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге курган маегинде районду милиция кызматкерлери курчоого алып, «жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактай тургандыктарын» билдирди.

«Заноза» жаңылыктар порталы милицияга шилтеме жасоо менен Итибаев жашырынып жаткан үйдүн жашоочулары атайын операция башталганга чейин эле коопсуз жайга чыгарылгандыктарын жазууда.

Буга чейин Итибаевдин апасы Ляйлихан Ильязова уулун бийликке багынып берүүгө чакырган. Ошондой эле ал милициядан «уулуна карата ок чыгарбоосун» өтүнгөн.

Анын айтымында, Итибаев «адашып, башка адамдардын жетегине жетеленип кеткен».

Итибаев — 12-октябрга караган түнү №50 тергөө абагынан качып кеткендердин колго түшүрүлө электеринин акыркысы. Ал депутат Санжар Кадыралиевди өлтүргөн деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган болчу.

Ал ошондой эле 2010-жылдын ноябрында Бишкектеги Спорт Ордосунда орун алган жардырууну уюштурууга күнөөлүү деп табылган.

Абактан качуу

12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагынан тогуз кылмышкер качкан. Алардын бешөөсү ошол эле түнү колго түшүрүлгөн — алардын үчөөсү көп өтпөй белгисиз жагдайларда абакта каза болушкан.

Из жашырып кеткендердин экөөсү — Данияр Кадыралиев менен Азамат Мүсүралиев — колго түшүрүү боюнча атайын операция маалында өлтүрүлүшкөн. Милициянын версиясы боюнча, анда алар каршылык көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Дагы бирөөсү — Эдил Абдрахманов — 22-октябрда колго түшүрүлгөн. Аны бутка атышкан, учурда ал Чүй облустук ооруканасында.

Атайын операциянын тексттик трансляциясы:

// //