Бишкекте биринчи кар 22-октябрь күнү кечинде жаады. Бирок аба ырайынын божомолуна ылайык, салыштырмалуу кийинки апта дээрлик толугу менен жылуу болот.

Кыргызстандын борборунда биринчи кар 22-октябрь күнү кечке жакын жаап баштады. Мындай аба ырайы күтүүсүз болгон жок — божомолдоолор апта аягында кар жаай тургандыгын билдирген.

19-октябрда Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов шаарда 20-сентябрдан баштап жылуулук берүү сезону башталгандыгы тууралуу токтомго кол койгон. Ага ылайык, алгач жылуулук билим берүү, медициналык жана социалдык мекемелерде пайда болуп, андан кийин турак үйлөргө берилип баштайт. Бишкектиктердин билдирүүлөрү боюнча, шаардагы кээ бир батирлерге жылуулук берилип баштады.

gismeteo.ru сайтындагы аба ырайынын божомолуна ылайык, Бишкекке ачык аба ырайы ушул аптанын ишемби күнү келет. Шаарда кийинки аптанын ортосунан тарта салыштырмалуу жылуу болуп баштайт — аба ырайы күндүз 16-17 градуска чейин жылуу болот. Божомолдорго ишенсек, жылуу аба ырайы октябрдын аягына чейин уланат, бирок кийинки айдын башталышынын да жылуу болушу күтүлүүдө.

first_snow_0001

first_snow_0002

first_snow_0003

first_snow_0004

first_snow_0005

first_snow_0006

first_snow_0007

first_snow_0008

first_snow_0009

first_snow_0010

first_snow_0011

first_snow_0012

first_snow_0013

first_snow_0014