Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери 12-октябрь түнү №50 тергөө абагынан качып кеткен кылмышкерлердин бирөөсү Эдил Абдырахмановду колго түшүрүштү. Анын Ала-Тоо айылынын четинде кармалгандыгы кабарланууда.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан Абдрахмановдун Чүй облусундагы Ала-Тоо совхозунда кармалгандыгын ырасташты.

Эдил Абдырахманов — 12-октябрь түнү №50 абактан качып кеткен тогуз кылмышкердин бирөөсү. Анда алардын бешөөсү ошол эле түнү кармалып, төртөөсү из жашырып кетишкен.

Сүрөттү «Репортер. АКИпресстин» окурмандарынын бирөөсү жөнөткөн
Сүрөттү «Репортер. АКИпресстин» окурмандарынын бирөөсү жөнөткөн

«Заноза» жаңылыктар порталы Абдырахмановдун кармалган учуру тартылган видеону жайгаштырды — анда анын жанында экстремисттик «Ислам мамлекети» уюмунун желеги жаткандыгы көрүнүп турат .

Абдырахманов кармалгандан кийин эркиндикте абактан качкандардын дагы бирөөсү — Алтынбек Итибаев калууда. Экөөсү — Данияр Кадыралиев менен Азамат Мүсүралиев — колго түшүрүү маалында укук коргоо органдары тарабынан өлтүрүлүшкөн.

Абдырахманов Бишкек шаардык соту тарабынан «адам өлтүрүү», «кылмыштуу уюм түзүү», «бандитизм», «террористтик ишмердүүлүктөрдү жүргүзүү жана аны актоо чакырыктары» айыптары менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

«Спутниктин» билдирүүсү боюнча, Абдырахманов №50 абакта ишинин Жогорку сотто каралышын күтүп жаткан.

Милициядан ал 2010-жылдын ноябрында Бишкектеги Спорт Ордосунун жанындагы жардырууну уюштурган деп айыпталып жаткан Кыргызстанда тыюу салынган «Жайшуль Махди» уюмун колдоп, анын идеясын жайылтып келген.

№50 абактан качуу

Тогуз кылмышкер абактан 2015-жылдын 12-октябрына караган түнү качышкан. Анда алардын бешөөсү ошол эле түнү колго түшүп, төртөөсү укук коргоо органдарынан из жашырып кете алышкан.

Качуу маалында алар ЖАМКнын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бирөөсүн — Тилек Абылгазиевди оор жарадар кылышкан. Кийин ал ооруканада көз жумган.

Колго түшүрүлгөн беш кылмышкердин үчөөсү 20чы жана 21-октябрь күндөрү каза болушкан — Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматтын маалыматы боюнча, алардын экөөсүнүн өлүмүнө жүрөк кемтик оорусу, үчүнчүсүнүкүнө баш сөөгүнүн жаракаты себеп болгон.

  • Муратбек Жумалиев — 21-октябрда жүрөк кемтиги оорусунан жана баш сөөгүнүн жаракатынан улам каза болгон.
  • Бакыт Кенжегулов — 21-октябрда баш сөөгүндөгү жаракаттан улам каза болгон.
  • Таалайбек Жуманов — 20-октябрда жүрөк кемтиги оорусунан каза болгон.

Из жашырууга жетишкен төрт кылмышкердин экөөсү — Кадыралиев менен Мүсүралиев — каршылык көрсөтүү аракетинен кийин өлтүрүлүшкөн.

Кадыралиев «Дордой» конушунда 16-октябрда өлтүрүлгөн — анда ИИМ колго түшүрүү маалында анын колунда бычак болгон жана ал каршылык көрсөткөн деп билдирген.

Мүсүралиевди милиция кызматкерлери 20-октябрда ушуга окшош эле шартта Чүй облусунун Сокулук районундагы айылдардын биринде атып жок кылышкан. ИИМден ал мал сарайда жашырынып жүргөндүгүн жана милицияга каршылык көрсөтүү аракетин көргөндөн кийин атылганын билдиришкен.