Абактан качкан Алтынбек Итибаев өлтүрүлгөн 22-октябрдагы атайын операциянын жүрүшүндө эки жергиликтүү жашоочунун өлүмү фактысы боюнча кылмыш иши козголот. Бул тууралуу маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирди.

Турганбаев эки жарандык адамдын өлүмү фактысы боюнча кылмыш ишинин козголо тургандыгы тууралуу 23-октябрда билдирди. Ал иштин материалдары Бишкек шаардык прокуратурасына берилгенин айтты.

Абактан качып кеткен Алтынбек Итибаевди колго түшүрүү боюнча 22-октябрда өткөрүлгөн Бишкектин «Достук» кичи районундагы атайын операциянын жүрүшүндө эки жайкын адам каза болгон. Алар Итибаев жашырынып жаткан батирге кошуна жашашкан. ИИМ алардын аты-жөндөрүн жарыялады: алар 1936-жылы туулган Батыш Койчуманова жана 1959-жылы туулган Медет Какеев.

Министрдин айтымында, Кыргызстандын президенти операция өткөрүлгөн үйдүн каза болгон жашоочуларынын үй-бүлөлөрүнө 300 миң сомдон материалдык жардам берди. Ошондой эле өкмөт 200 миң сом бөлгөн, а милиция кызматкерлери аларга бир күндүн айлыктарын которушат.

Турганбаев жергиликтүү жашоочулардын өлүмү үчүн жоопкерчилик тартууга даяр экенин айтты.

«Эгер мен кандайдыр бир ката кетирсем, ал үчүн дайым жоопкерчиликти өзүмө алууга даярмын», — деди ал.

«Достук» кичи районундагы атайын операция

№50 абактан качып кеткен Алтынбек Итибаев аны колго түшүрүү боюнча Бишкектин «Достук» кичи районунда өткөн атайын операция маалында ыкчам топтун кызматкерлери тарабынан атылып өлтүрүлгөн. Ал абактан качып, кармала элек кылмышкерлердин акыркысы болчу.

Операциянын жүрүшүндө Итибаев менен эки жергиликтүү тургундан башка ИИМдин ыкчам тобунун бир кызматкери да каза болгон.

Бишкектин «Достук» кичи районунда жүргүзүлгөн атайын операция эки сааттан ашык убакытка созулган. Итибаев андагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батиринде жашырынып жүргөн.

Милициянын маалыматы боюнча, колго түшүрүү маалында Итибаев укук коргоо органдары менен атышуу уюштуруп, кийин граната да пайдаланган.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев атайын операция маалында kloop.kgнин кабарчысына милиция Итибаевди ал жашырынып жаткан үйдү текшерүү маалында тапкандыгын билдирген.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева милицияны Итибаевге сүйлөшүү жүргүзчү адамдарды киргизбегендигы үчүн сынга алган. Турганбаев ага жооп катары «милиция террористтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөстүгүн» билдирген.

Итибаев — 12-октябрга караган түнү №50 тергөө абагынан качып кеткендердин колго түшүрүлө электеринин акыркысы болчу. Ал депутат Санжар Кадыралиевди өлтүргөн деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

Ал ошондой эле 2010-жылдын ноябрында Бишкектеги Спорт Ордосунда орун алган жардырууну уюштурууга күнөөлүү деп табылган.

Абактан качуу

12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагынан тогуз кылмышкер качкан. Алардын бешөөсү ошол эле түнү колго түшүрүлгөн — алардын үчөөсү көп өтпөй белгисиз жагдайларда абакта каза болушкан.

Из жашырып кеткендердин экөөсү — Данияр Кадыралиев менен Азамат Мүсүралиев — колго түшүрүү боюнча атайын операция маалында өлтүрүлүшкөн. Милициянын версиясы боюнча, анда алар каршылык көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Дагы бирөөсү — Эдил Абдрахманов — 22-октябрда тирүү колго түшүрүлгөн. Аны бутка атышкан, учурда ал Чүй облустук ооруканасында.