Парламенттик шайлоо боюнча соттук процесстер аяктаганга чейин Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттарына мандат тапшырылбайт — бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыктары боюнча бардык соттук процесстер аяктаганга чейин Боршайком мандаттарды тапшырбайт, деп жазды 24.kg басылмасы комиссиянын өкүлүнүн айткандарын.

Мындай билдирүү БШК менен 100 шайлоо тилкесиндеги бюллетендерди кайрадан санап чыгууну талап кылып жаткан «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясынын ортосундагы соттук процесстин фонунда жаңырды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту партиянын өтүнүчүн канааттандырган, бирок Боршайком чечим «процедураларды бузуу» менен чыгарылган деп эсептеп, ал боюнча даттана тургандыгын билдирген.

«Биз Биринчи май райондук сотунун чечими боюнча Жогорку сотко көзөмөл даттануу жөнөттүк. Биз партиянын талабын аткаруудан баш тарттык, анткени доо арыз берүүнүн процедуралык мөөнөтү бузулган, бирок сот маселенин маанисин териштирбестен эле ушундай чечим чыгарып койду», — деп жазды 24.kg БШКнын өкүлүнүн айткандарын.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өткөн. Анын жыйынтыгы боюнча, өлкөнүн мыйзам чыгаруу органына алты партия өткөн — КСДП, «Республика — Ата-Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир Бол» жана «Ата Мекен».

Бул алты партия Кыргызстандын бир палаталуу парламентиндеги 120 орунду өз ара бөлүшүшөт. Баарынан да мандаттардын эң көбүн президенттик социал-демократтар партиясы алса, эң азына Өмүрбек Текебаевдин «Ата Мекени» ээ болгон.

Бул 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийинки экинчи парламенттик шайлоо жана Кыргызстадын тарыхында жарандарды биометрикалык идентификациялоо жолун пайдалануу менен өткөрүлгөн алгачкы шайлоо болду.

Шайлоонун жыйынтыктары жарыялангандан кийин дароо эле бир нече соттук процесс башталган. «Республика — Ата-Журт» партиясынын тизмесинен чыгарылган талапкерлер сот аркылуу кайрадан тизмеге кошууну талап кылып чыгышкан.

Ишкер Аскар Салымбеков менен саясатчы Адахан Мадумаровдун парламентке өтпөй калган «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиялык союзу 100гө жакын шайлоо тилкелериндеги бюллетендерди кайрадан санап чыгуу укугу үчүн соттошуп жатат — партия парламентке өтүү үчүн зарыл болгон 7 пайыздык чектен аша албай калган.