Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди жылына 10 пайыздык деңгээлде калтырат. Эсептик чен — Улуттук банк коммерциялык банктарга берген насыянын пайыздык өлчөмү. Бул көрсөткүч коммерциялык банктар тарабынан жарандарга берилчү насыянын пайызыныдарына таасир этет.
Кыргызстандын Улуттук банкынын башкармалыгы эсептик чендин көлөмүн 10 пайыз бойдон калтырууну чечти. Мындай чечим башкармалыктын 26-октябрдагы жыйынында кабыл алынган.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү 2015-жылы 6,3 пайызга жогорулаганын билдирди — айтымында, бул көбүнчө «Кумтөр» алтын кениндеги өндүрүштүн өсүүсүнө байланыштуу. «Кумтөрдү» эсепке албаганда ички дүң өнүмдүн реалдуу өсүү темпи 4,3 пайызды түзгөн.
Жеңиш орус рублинин кыргыз сомуна болгон баасы «тарыхый көрсөткүчтөргө» — бир рубль үчүн 1,5 сомго — кайтып барышы керек деген пикирлерди «жаңылыш» пикир деп атады.
«Улуттук банк сомдун курсу кескин солгундаган учурларда гана валюталык интервенцияларды жасайт. Биз рынокко үч аптадан бери интервенциялар менен чыга элекпиз. Рынок өзү толугу менен көзөмөлдөп жатат», — деди ал.
Нурбек Жеңиш өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке киргенине карабастан акча-насыя саясаты «көз карандысыз» бойдон каларын билдирди.
Улуттук банктын өкүлүнүн айтымында, ушул жылдын октябрында инфляциянын төмөндөөсү болгон.
«16-октябрга карата жылдык инфляция 5,2 пайызга төмөндөдү», — деди төраганын орун басары Нурбек Жеңиш.
Сентябрда бул көрсөткүч 6,4 пайызды түзгөн.
Жеңиш валюта базарындагы абалды «аздыр көптүр туруктуу» деп атады. Анын айтымында, Улуттук банк валютанын курсун түзөө үчүн акыркы жолу ушул жылдын октябрынын башында интервенция жасаган.
Эсептик чендин көлөмү коммерциялык банктар бере турган насыя боюнча өз кардарларынан ала турган пайыздын өлчөмүнө таасир этет — Улуттук банктын пайыздык чени канчалык жогору болсо, коммерциялык банктардын жарандарга берген насыясынын пайызы ошончолук жогору болот.
Азыр эсептик чен жылына 10%ды түзөт — Улуттук банк аны ушул жылдын 29-сентябрында жогорулаткан. Жылдын башында ал 11%ды түзгөн, бирок сентябрга карата 8%га чейин төмөндөгөн.
Видеотрансляциянын толук версиясы:
Теңгенин курсунун түшүүсүнө карата сомдун реакциясы
Доллардын курсунун сомго карата кескин жогорулоосу августтун аягында башталган — ал казак теңгесинин курсунун кыйла түшүп кетүүсүнө карата сомдун реакциясы болгон.
Казак вадютасынын курсу 20-августта, Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов теңгенин курсу эркин кое берилгендигин билдиргенден кийин дароо төмөнөп кеткен. Эркин кое берүү Казакстанда улуттук валютанын курсу бийлик тарабынан эмес, а рынок тарабынан аныкталат дегенди билдирет.
Теңгенин эркин кое берилиши анын курсунун дээрлик 28 пайызга төмөндөөсүнө алып келген — эки күндүн ичинде бир доллар үчүн мурдагыдай 188 теңге эмес, а 257 теңге берип башташкан.
Казакстандагы валюталык өзгөрүүлөр Кыргызстанда ажиотаж жараткан — кыргызстандыктар менен Кыргызстандын борборунда жүргөн казакстандыктар кийин жогорураак баада сатуу максатында акча алмаштуруу жайларынан долларды арзан баада сатып ала башташкан.
Тема боюнча:
Улуттук банк бир айда интервенцияга 46 миллион доллар коротту
Кыргызстанда доллардын расмий курсу тарыхый максимумдан ашты