Абактан качкандар Азамат Мүсүралиев менен Эдил Абдрахмановдун ата-энелери Бишкекте өлкө жетекчилерине кайрылуу жасап маалымат жыйынын өткөрүштү.
12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагынан тогуз кылмышкер качкан. Алардын бешөөсү ошол эле түнү колго түшүрүлүшкөн — көп өтпөй кармалгандардын үчөөсү белгисиз жагдайларда түрмөдө каза болушкан.
Качып кеткендердин үчөөсү — Данияр Кадыралиев, Азамат Мүсүралиев жана Алтынбек Итибаев — аларды колго түшүрүү операцияларынын жүрүшүндө атылып өлтүрүлүшкөн. Милициянын версиясы боюнча, алар каршылык көрсөтүүгө аракет кылышкан.
Кылмышкерлердин дагы бирөөсү — Эдил Абдрахманов — 22-октябрда тирүү кармалган. Колго түшүрүү маалында аны бутка атышкан.