11-октябрь түнү каза болгон №50 тергөө абагынын кызматкери Фархат Орозбек уулунун туугандары парламент имаратынын алдында митинг өткөрүшүп, ага баатыр наамынын берилишин талап кылышты. Орозбек уулу абактын кылмышкерлер качкан маалда каза болгон төрт кызматкеринин бирөөсү болгон.

№50 тергөө абагынын каза болгон кызматкерлеринин бири — Фархат Орозбек уулунун туугандары 29-октябрда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында митинг өткөрүштү. Алар каза болгон тууганынын баатыр наамы менен сыйланышын талап кылышты.

«Менин уулум баатырларча курман болду. Биз [Кыргызстандын президентинин] уулума баатыр наамын берүүсүн талап кылабыз», — деди абактын каза болгон кызматкеринин апасы Жүзүмкан Баялиева.

Ал Kloop.kgнин кабарчысына уулу каза болгондон кийин жардам катары үй-бүлөгө 150 миң сом бөлүнгөндүгүн айтты.

«Президент бизге 50 миң сом берди, премьер-министр 50 миң сом жана губернатор да 50 миң сом», — деп билдирди Баялиева. Анын айтымында, мамлекет үй-бүлөгө мындан башка эч кандай жардам убадалаган эмес.

Тема боюнча:

Видео: №50 абактын каза болгон кызматкерлеринин туугандарынын маалымат жыйыны

Абактан качуу

12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагынан тогуз кылмышкер качкан. Алардын бешөөсү ошол эле түнү колго түшүрүлүшкөн — көп өтпөй кармалгандардын үчөөсү белгисиз жагдайларда түрмөдө каза болушкан.

Качып кеткендердин үчөөсү — Данияр Кадыралиев, Азамат Мүсүралиев жана Алтынбек Итибаев — аларды колго түшүрүү операцияларынын жүрүшүндө атылып өлтүрүлүшкөн. Милициянын версиясы боюнча, алар каршылык көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Кылмышкерлердин дагы бирөөсү — Эдил Абдрахманов — 22-октябрда тирүү кармалган. Колго түшүрүү маалында аны бутка атышкан.