АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Жон Кирби мамкатчы Жон Керри Борбордук Азия өлкөлөрүнө болгон сапарынын жүрүшүндө аймактагы мамлекет башчылары менен экстремизмге каршы күрөшүү жана экономика маселелерин талкуулай тургандыгын билдирди.

Алдыдагы күндөрү АКШнын мамлекеттик катчысы Керри биринчи жолу Борбордук Азиянын бардык беш өлкөсүндө иш сапары менен болот.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Жон Кирби Kloop.kgге курган маегинде Керри Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү менен Бишкекке болгон сапары маалында жолуга тургандыгын айтты.

«Бизде силердин өлкө башчылары менен талкуулай турган көптөгөн темаларыбыз бар. Алсак, биз акыркы 10-15 жылдан бери аймакта зомбулук экстремизм коркунучунун өсүп жатканын байкап жатабыз жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бийликтери аларга каршы күрөшүүдө маанилүү иштерди аткарып жатышат», – деди Мамдепартаменттин басма сөз катчысы.

Ал Борбордук Азия өлкөлөрү дүйнөлүк экономикага «жакында эле» интеграциялангандыктан тараптар ошондой эле экономикалык маселелерди да талкуулай тургандыктарын кошумчалады.

Кирби Керри менен Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн тартибинин деталдарын билдирүүдөн баш тартты. Ал Керри бир эле сапары менен аймактык бардык беш өлкөсүндө боло турган АКШнын алгачкы мамкатчысы болорун белгиледи.

Буга чейин АКШнын элчилиги Керри Самаркандда 5+1 форматындагы (Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан + АКШ) аймактагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолугушарын билдирген болчу.

Мамдепартаменттин маалыматы боюнча, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бийликтери менен болчу сүйлөшүүлөрдүн темаларынын бири акыркы кездерди Ооганстандын түндүк райондорунда активдешкен экстремисттик Талибан кыймылы коркунучунун өсүүсү болот.

Андан сырткары Керринин учурда Сирия менен Ирактын бир катар аймактарын көзөмөлдөп турган «Ислам мамлекети» эл аралык экстремисттик уюму коркунучун талкуулай тургандыгы да күтүлүүдө.

Мамкатчы Керри Борбордук Азия өлкөлөрүнө сапарын Сирия тууралуу Венадагы эки күндүк сүйлөшүүлөрдөн кийин баштайт. Ал сүйлөшүүлөргө АКШ, Орусия, Иран, Улуу Британия, Сауд Аравиясы, Түркия, Иордания, Египет, Катар, Германия, Бириккен Араб Эмираттары катышышат.

Сирия жана зомбулук экстремизми

Сириядагы жарандык согуш менен «Ислам мамлекетинин» күчтөнүүсү — Орусия ИГИЛге жана Сирия президенти Башар Асадка каршы күрөшүп жаткан козголоңчуларга каршы аба аскердик операцияларын баштаган сентябрдын аягынан бери эң көп талкууга алынган темалардын бирине айланды.

АКШ менен Орусия бир ай бою 2014-жылдын июнунан бери күчтөнүүсү уланып жаткан «Ислам мамлекетине»  каршы биргелешкен аракеттерди көрүү пландары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн, бирок жолугушуулардын биринде да бир пикирге келе алышкан жок.

Ал ортодо Орусиянын Коргоо министрлиги алардын Сириядагы бомбалоочу учактары 1000ден ашык учууларды жасагандыгын билдирди.

АКШ менен Орусиянын бийликтери Сирия кагылышууларындагы Асаддын ролу тууралуу карама-каршы пикирге ээ болгондуктан, бул маселе боюнча макулдаша албай келишет.

АКШ «Ислам мамлекети» жана башка майда террористтик топтордун пайда болуу себептеринин башкысы катары Асадды эсептеп, ал президенттиктен кетип, өткөөл мезгилдин өкмөтү иштеп башташы керек деген талап коюуда.

Орусия болсо учурдагы режимдин легитимдүү экенин айтып, эл аралык коалиция Асаддын аскерлери менен бирге аракет көрүүсү керектигин айтууда. Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев орусиялык кесиптеши Владимир Путинди колдоп, бул ИГИЛдин позицияларына карата «алгачкы натыйжалуу авиасоккулар» экенин билдирген.

«Менин оюмча, «Ислам мамлекетине» каршы күрөш — анын ичинде Сириянын аймагындагы да — бул Кыргызстандын кызыкчылыгында жана бул жагынан алганда биз Орусиянын Сириядагы ИГИЛге карата авиасоккуларын колдойбуз», — деп билдирген Атамбаев «Интерфакс» агенттигинин суроолорун жооп берип жатып.

Атамбаев Орусиянын Сириядагы аракеттерин колдой тургандыгын билдирген.
Атамбаев Орусиянын Сириядагы аракеттерин колдой тургандыгын билдирген.

Буга чейин Борбордук Азия өлкөлөрүнүн президенттери «Ислам мамлекетинин» аймак үчүн болгон коркунучу тууралуу бир нече жолу айтышкан. Кыргызстандын Улутттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин  2015-жылдын май айында тараткан маалыматы боюнча, ИГИЛ тарапта согушуу үчүн Сирияга 300дөн ашык кыргызстандык кеткен.

Келишимдин денонсацияланышы

Керри Кыргызстанга кыргыз өкмөтү АКШ менен 1993-жылы түзүлгөн базалык келишимди денонсациялагандан эки ай өткөндөн кийин келгени жатат. Ал келишимде кыргыз тарапка гуманитардык жардам көрсөтүүгө жеңилдетилген шарттар каралган болчу.

Кыргызстандын өкмөтү келишимдин денонсациясы тууралуу 21-июлда билдирген ― бул АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан кыргыз укук коргоочусу Азимжан Аскаровдун «Адам укугунун коргоочу» сыйлыгы менен сыйланышына жооп катары жасалган.

Аскаров 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө орун алган улуттар аралык кагылышуулардын жүрүшүндө «массалык башаламандыктарды уюштурган», «улуттар аралык кастыкты козуткан» жана «милиционерди өлтүрүүгө катышкан» деген айыптар менен 2010-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган.

Президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн ал аракетин колдой тургандыгын алты күндөн кийин билдирген ― ал журналисттер менен болгон жолугушуусунда Аскаровдун сыйланышын «атайын жасалган чагымчылдык» деп атаган.

Келишимдин денонсацияланышынын расмий себеби Аскаровдун сыйланышы болгон
Келишимдин денонсацияланышынын расмий себеби Аскаровдун сыйланышы болгон

«Көпчүлүгү сыйлык ыйгарса ыйгарыптыр да деп жатышат. Бирок чынында чөпкө от койгондой болуп атат. Ал же өчүп, же өрт чыгып кетиши мүмкүн. Муну менен өзбек жамаатынын аң сезимине Кыргызстанда алар үчүн акыйкаттык жок дегендей ой жаратылууда. Бул атайын улут аралык мамилеге от жагууга багытталып жасалган чагымдай сезилет», — деп билдирген анда президент.

Андан эки күн өткөн соң Кыргызстанга АКШнын мамкатчысынын жардамчысынын биринчи орун басары Ричард Хоугланд келип, өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов менен жолуккан.

Хоугланд Kloop.kgге курган эксклюзивдүү маегинде АКШ «Кыргызстанда туруксуз абал түзүүгө аракет кылып жатат» деген кыргыз бийлигинин айыптоосун «нонсенс» деп атап, америкалык бийлик үчүн келишимдин денонсацияланышы «күтүлбөгөн окуя» болгонун билдирген.

«Буга чейин мен айткандай, мамлекеттер ортосундагы мамилелер үй-бүлө мүчөлөрү ортосундагыдай эле кээде начарлап, кээ бирде нормалдашып турат. […] Биздин Кыргызстан элине мындан ары жардам берүүбүз үчүн бир катар көйгөйлөр жаралды, бирок биз өлкөлөр ортосундагы позитивдүү кызматташууну улантуу үчүн тийиштүү чечимдерге келебиз деген ишенимдемин», — деп эсептейт Хоугланд.

Аны менен катар Хоунланд азырынча АКШ келишимдин бузулушу кандай натыйжаларга алып барышы мүмкүндүгүн так аныктай электигин кошумчалаган.

«Кызматташуунун алкагындагы көмөктөшүүнүн бардыгы тең америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчасын талап кылгандыгы да маанилүү учурлардын бири деп ойлойм. Албетте Конгресс сөзсүз түрдө биздин акчалар каякка жумшалып жатат деп сурайт жана ал бир катар кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн», — деп билдирген ал Kloop.kgге курган маегинде.