«Горец» деген аталыштагы орто кылымдын тарыхый салгылаштары фестивалы Бишкектеги Кара-Жыгач токоюнда 25-октябрда өттү. Спорттун бул түрүндө катышуучулар орто кылымдагы аскер кийимдерин кийишип, кылычтар, балта жана чокморлор менен куралданып өз ара салгылашышты.

Фестивалдын уюштуруучусу Николай Потрясовдун айтымында, бул мелдештерди өткөрүүнүн максаты жаш спорт болуп эсептелген орто кылымдын тарыхый салгылашууларын Кыргызстанда өнүктүрүү.

ist_0002

ist_0003

ist_0004

Бул жолкусунда фестивалга Кыргызстандын жоокерлеринен сырткары Германиядан, Орусиядан жана Казакстандан келген «рыцарлар» да катышышты.

ist_0005

ist_0006

ist_0007

Фестивалдын катышуучулары орто кылымдагы аскерлердин курал-жарактарын, соот-шаймандарын алышып, ошол кездеги аскерий кийимдерди кийишкен — ал аскер жарак-жабдыктардын салмагы орточо эсеп менен 30 килограммга жакын болот.

ist_0010

ist_0012

ist_0014

Орусиядан келген «рыцарь» Сергей Ларютин Kloop.kgге курган маегинде салгылаштарда курчутулбаган курал-жарактардын пайдаланылганына карабастан жаркаттарды алуу — бул спорттун бир бөлүгү экенин айтты.

«Тиштердин сынып, эриндердин сыйрылышы — салгылашуу маалында көп учураган жана жеңил жаракаттар», — деди ал.

ist_0019

ist_0020

ist_0022

Салгылаштарга катышкандардын арасындагы жалгыз айым Юлия Хижнякова Кыргызстанда бул спорттун пайда болгонуна беш жылдан ашканы менен өлкөдө ал тууралуу көп деле адамдын биле бербестигин айтты.

ist_0018

Анын пикиринде, орто кылымдагы тарыхый салгылаштарда оор салмактагы аскер жарак-жабдыктарын көтөрүп жүрүү керек болгону менен ал спорттун башка түрлөрүнөн оор эмес.

«Мен курал-жарактарды оңой эле көтөрүп жүрөм, кээ бирде атаандаштарымды утуп да алам», — деди Хижнякова.

ist_0025

ist_0024

Мелдештин катышуучуларынын соот-шаймандары, курал-жарактары менен кийимдеринин бардыгы тең колго жасалат — кимдир бирөө атайын усталарга буйрутма беришсе, башкалары аларды өз алдынча даярдашат.

«Биз бардыгын өзүбүз жасайбыз. Бизде тигүүчү машиналар, атайын аспаптар бар. Биз анда бир нече сааттап отуруп, оңдоп, тазалап бир жаңы нерсе жаратабыз», — деди фестивалдын катышуучусу.

ist_0029

ist_0030

Авторлор: Айсулуу Бердалиева, Уулжан Саякбаева