АКШНын мамлекеттик катчысы Жон Керри 31-октябрда Кыргызстанга болгон бир күндүн сапарынын жүрүшүндө Бишкектеги америкалык элчиликтин жаңы имаратынын ачылышына катышты. Элчиликтин маалыматына ылайык, анын курлушуна 163 миллион доллар сарпталган.

АКШнын жаңы элчилигинин имараты 31-октябрда Бишкекте ачылды. Анын ачылышына арналган расмий салтанатка АКШ Мамлекеттик департаментинин башчысы Жон Керри, Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, ошондой эле АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни катышты.

Өз сөзүндө АКШнын мамкатчысы элчиликтин жаңы имараты «XXI кылымдын өнөктөштүгүн символдоштурарын» айтты.

«Биз элчиликтин жаңы имаратынын курулушунан сырткары өлкөлөр ортосундагы өз ара мамилени мындан да бекем кылып тургузуу ниетиндебиз», — деди Керри.

Ал элчиликтин жаңы имараты өз ордунда «дагы жүз жылдан кийин да» турат деген үмүтүн билдирди.

«Мен [Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы] өз ара мамиленин ушул гана эмес, башка имараттарда да уланышын каалайм», — деп жыйынтыктады Мамлекеттик департаменттин жетекчиси өз сөзүн.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев АКШ менен мамиленин «оптималдуу үлгүсүн» иштеп чыгууну сунуштады.

«Жалпы баалуулуктардын бар экенин эске алуу менен бизде алдыга жылуу үчүн бардык шарттар бар. Болгону ал мамилелер биздин башка эл аралык жана аймактык өнөктөштөрүбүздүн мамилелери менен туура келиши керек», — деп белгиледи Абдылдаев.

Расмий маалыматтарга ылайык, жаңы имараттын курулушуна АКШ 163 миллион доллар сарптаган. Ал Бишкектин түштүгүндөгү төрт жарым гектар аянттагы жер тилкесинде жайгашкан. Жон Керри өз сөзүндө учурда элчиликте «300дөн ашык киши» иштеп жатканын белгилеп өттү.

АКШнын элчилигинен анын жаңы имараты энергия үнөмдөөчү, сууну жана күндүзгү жарыкты сарамжал пайдалануу менен «ресурстарды оптималдаштырып жана имараттын колдонуу чыгымдарын төмөндөтүүгө» мүмкүнчүлүк берүүчү жаңы технологиялар боюнча курулганын билдиришти. Анын ачылышында Мамдепартаменттин башчысы элчиликти «таза технологиялардын мыкты үлгүсү» деп атады.

Тема боюнча:
АКШ: Экстремизмге каршы күрөшүү жана экономика — Борбордук Азиядагы сүйлөшүүлөрдүн темалары