Кыргыз-америка кызматташтыгынын жаңы планы «бардык секторлор менен тармактарды» камтыйт, деп билдирди Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы. Кызматташтыктын өнүгүшүнө болгон мамиленин өзгөрүүсү кыргыз укук коргоочусунун сыйланышынан улам жаралган АКШ менен болгон келишпестиктерден кийин болууда.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин Кыргызстанга болгон сапары маалында тараптар эки өлкөнүн мамилелерин өнүктүрүү программасын иштеп чыга турган биргелешкен жумушчу топ түзүү боюнча макулдашышты.

Топтун курамына АКШ Мамдепартаменти менен кыргыз Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери киришет. Бул тууралуу Керри Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен болгон жолугушуусунун жыйынтыктары боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди.

12186644_10153324181558237_3196510881541831983_o

Жумушчу топ Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнүн «жол картасын» иштеп чыгып, «мыйзамдарды ыңгайлаштыруу» менен алектенет.

«Экономика тармагында бир катар иштерди аткаруу зарыл. Алар белгилүү бир мыйзамдарды ыңгайдаштырууну талап кылат, жумушчу топ мына ушул маселелерди чечүү менен алектенет», — деди Жон Керри.

Кыргыз ТИМинин башчысы Эрлан Абдылдаев АКШнын мамлекеттик катчысынын сапарын «бурулуш учур» жана эки өлкө ортосундагы «мамилелердин тарыхындагы жаңы бөлүктүн» башталышы деп эсептейт.

«Менимче, биздин бүгүнкү сүйлөшүүлөрүбүздү эске алуу менен кызматташуунун белгилүү бир үлгүсүн иштеп чыгууга убакыт келип жетти. Бул биздин эки тараптуу мамилелерибиздин тарыхындагы жаңы бөлүктү ачат. Биз алдыга оптимизм менен карайбыз», — деп билдирди ал.

Абдылдаев 2016-жылы Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин башталганына 25 жыл болорун эске салды. Анын айтымында, бул «макулдашууларды кылдат инвентаризациялоого» себеп болот.

DOS_3683

Мамдептин башчысынын айтымында, мындан сырткары АКШ Кыргызстан менен коопсуздук тармагында макудашуу даярдоодо.

«Бизге кайсыл бир этапта аскердик кызматташуу тууралуу макулдашууга даярдыктарды бүткөрүү зарыл. Мен мунун орундалышы мүмкүн деген үмүттөмүн», — деп билдирди мамкатчы.

Бирок ал аталган макулдашууну иштеп чыгуу кайсыл баскычта экенин жана ага качан кол коюларын тактап айткан жок.

12188040_10153323743333237_5031498554657688355_o

Керри Борбордук Азия өлкөлөрү АКШ, Орусия жана Кытай сыяктуу ири державалардын кимиси менен кызматташуу керек деген тандоодо болбошу керектигин айтты. Ал XXI кылымда өлкөлөр ортосундагы мамилелер бул сыяктуу тандоолорду кылуу зарылчылыгына такалбашы керек деп эсептейт.

Тема боюнча: Мамдептин башчысы АКШнын Бишкектеги элчилигинин жаңы имаратын ачты [видео]

Келишимдин денонсацияланышы

«1993-жылы келишилген базалык келишимдердин биринин денонсациялангандыгын карабастан АКШ менен болгон мамилелер бардык багыттар боюнча активдүү өнүгөт», — деди маалымат жыйынында кыргыз ТИМинин башчысы.

Бул акыркы беш жыл ичиндеги АКШ мамкатчысынын Кыргызстанга жасаган алгачкы сапары — 2010-жылы өлкөгө Мамдептин ошол кездеги башчысы Хиллари Клинтон келген болчу. Керринин сапары АКШ менен 1993-жылы түзүлгөн базалык келишимди денонсацияланышынын фонунда болууда. Келишимди денонсациялоо тууралуу документ 20-августта күчүнө кирген.

Кызматташуу келишимин бузуунун демилгечиси кыргыз тарап болгон: 21-июлда Кыргызстандын өкмөтү АКШнын өкмөтү менен болгон макулдашууну бир тараптуу денонсациялоо тууралуу чечим кабыл алган. Андай токтомго өлкөнүн премьер-министри Темир Сариев кол койгон. Кыргыз өкмөтү мындай кадамга АКШнын Мамдепартаменти тарабынан Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сыйланышына жооп катары барган.

Жон Керри Кыргызстанга болгон сапары маалында Аскаровдун сыйлынышы «Бишкекте туура эмес түшүндүрүлгөндүгүн», анткени ал сыйлыкты «укук коргоочу ишмердүүлүгү үчүн» алганын айтты.

«АКШ жыл сайын бир канча адамды бөлүп, аларды адам укуктарын коргоо тармагында сыйлайт. Ал сыйлык белгилүү бир окуядагы эмес, а анын бүткүл жашоосундагы аткарган иштери үчүн берилет. Тилекке каршы, аны туура эмес түшүндүрүштү», — деди ал.

Өз кезегинде кыргыз ТИМинин башчысы Эрлан Абдылдаев Аскаров 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө орун алган улуттар аралык кагылышуулар маалында массалык башаламандыктарды уюштурган жана милиция кызматкерин өлтүргөн деген айыптар менен Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылгандыгын эске салды.

«Биз үчүн улуттар аралык тынчтык – жогорку приоритет. Биз Азимжан Аскаровду кылмышкер деп эсептейбиз, ал Жогорку сот тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган», — деп билдирди Абдылдаев.

Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташуу тууралуу базалык келишимге 1993-жылы кол коюлган. Анда Кыргызстанга жардам көрсөтүү программасынын алкагында жеткирилген же колдонулуп жаткан товарлар үчүн тарифтерди, төлөмдөрдү жана бажы алымдарын албоо каралган. Андан сырткары Кыргызстанга жардам көрсөтүү программасынын алкагында иштеп жаткан Кошмо штаттарынын өкмөттүк жана жеке уюмдарынын персоналдары салыктардан жана төлөмдөрдөн бошотулуп келишкен. Ошондой эле өлкөдө жардам көрсөтүү программасынын алкагында жүргөн АКШнын өкмөтүнүн жарандык жана аскердик персоналдары административдик жана техникалык персоналдардыкына тең болгон макамдарга ээ болушкан.