Жарандык активист ЖКК инспекторлорун унаасы тыюу салынган жерге токтотулгандыгы үчүн өзүлөрүнө айып салууга көндүрүүгө аракет кылган. Бирок алар жол эрежесин бузуу тууралуу протокол жазуудан баш тартышкан.

Активист Александр Паленый ЖКК инспекторлорун өзүлөрүнө айып пул жазууга көндүрүүгө аракет кылып жатканын видеого тартып алган. Тасма анын «Фэйсбуктагы» өздүк баракчасында 3-ноябрда пайда болду. Видеонун башында жазылган титрде ал ошол эле күнү эртең мененки саат 9да Бишкектин Манас проеспектисинде тартылгандыгы көрсөтүлгөн.

Паленый видеодо автоунаа авариялык жарыктарын күзгүзбөстөн эле тыюу салынган жерге токтотулганын айткан.

«Прапорщик, ойгон, ЖКК унаасы жол эрежесин бузууда — протокол түз. […] Бул сенин аймагың, өзүң айттың го. Айдоочулук күбөлүгүн алып, протокол түз», — деген активист видеодо ЖКК кызматкерлеринин бирөөсүнө кайрылып.

Өз кезегинде ал Паленыйга постто турганын билдирген. Экинчиси, улук инспектор, «постту текшерүү үчүн» келип, «кыска мөөнөткө» токтогонун айтып жооп берген.

«Мен жеке курамдын постторун текшерип жүрөм. «Токтоого болбойт» деген белгинин аракети бар аймакка үч мүнөткө чейин токтоп турууга болот. Көрүп турганыңыздай, унаанын мотору өчүрүлгөн эмес», — деген инспектор.

Ал маалда унаанын жол жээгинде токтоп турганына жети мүнөттөн ашкан.

Кыргызстандын жол коопсуздук эрежелеринде «Токтоого болбойт» деген белгинин аракети бар аймакта токтоого жана автоунааны токтотуп коюуга тыюу салынары көрсөтүлгөн.

Аталган белгинин аракети бар аймакка авариялык токтоодо айдоочу авариялык жарык белгилерин күйгүзүп, «унаа каражатын ал аймактан алып кетүүгө бардык болгон чараларды көрүүсү» керек.

Бишкек ЖККсынын басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына азырынча ал видеону көрө электиктерин жана ал боюнча кийинчерээк түшүндүрмө бере тургандыктарын айтышты.