Кыргызстандын парламенти Асылбек Жээнбековду төрага кылып шайлады. Ал Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышында да ушул эле кызматты аркалаган. Өкмөттүн курамы жана түзүмү боюнча маселелерди парламент 5-ноябрга калтырды. 

Парламент депутаттары өкмөттүн курамы жана түзүмү боюнча маселени 5-ноябрда кароону чечишти.

Мындай чечим күндүн аягында депутаттардын көбү көпчүлүк коалиция тарабына премьер-министрликке көрсөтүлүп жаткан Темир Сариевге суроо берүүнү каалагандыктан улам кабыл алынды.

Сариев өз сөзүндө өкмөттүн аппаратындагы автоунаалардын санын 16дан үчкө чейин кыскартууну убадалады.

Сариевдин айтымында, өкмөттүн калган кызматкерлерине транспорт чыгымдарын төлөп берүү пландалууда.

Депутаттар парламент төрагалыгына Асылбек Жээнбековду шайлашты. Ал Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышында да төрага болгон.

«Азаттык» радиосу болжолдуу талкуулардан кийин өкмөттүн курамы төмөндөгүдөй болушу мүмкүндүгүн билдирди:

— Темир Сариев – премьер-министр;

— Аалы Карашев – биринчи вице-премьер-министр;

— Олег Панкратов – вице-премьер-министр;

— Гүлмира Кудайбердиева — вице-премьер-министр;

— Арзыбек Кожошев – экономика жана өнөр жай министри;

— Мелис Турганбаев – ички иштер министри;

— Жылдыз Мамбеталиева – юстиция министри;

— Адылбек Касымалиев – каржы министри;

— Кубатбек Боронов – өзгөчө кырдаалдар министри;

— Кудайберген Базарбаев – социалдык өнүгүү министри;

— Эльвира Сариева – билим берүү жана илим министри;

— Алтынбек Максүтов – маданият, маалымат жана туризм министри;

— Талантбек Батыралиев – саламаттыкты сактоо министри;

— Аргынбек Малабаев – транспорт жана байланыш министри;

— Эрлан Абдылдаев – тышкы иштер министри;

— Турдуназир Бекбоев – айыл чарба министри;

— Бусурманкул Табалдиев – УКМК башчысы.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, парламент депутаттары вице-премьер-министрлердин санын 4төн 3кө чейин кыскартуу чечимине келишкен. Ошондой эле Жогорку Кеңеште Коргоо, Жаштар жана эмгек, ошондой эле Энергетика министрликтерин жоюу пландалууда.

Алардын ордуна эки мамлекеттик комитет жана эки холдинг түзүлөт.

Андан сырткары парламентте мамлекеттик агенттиктердин санын 28ден 24кө чейин кыскартуу планы бар.

3-ноябрда парламенттик коалиция төрагалыкка Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышында төрагалык кылган Асылбек Жээнбековду сунуштаган.

Темир Сариев премьер-министрликке сунушталган. Коалиция лидери Чыныбай Турсунбеков Сариевдин талапкерлигинин тандалышын өлкөдөгү «туруктуулуктун» маанилүүлүгү менен түшүндүргөн.

«Биз эмнеге Темир Сариевди тандап алдык? Биринчиден, бүгүнкү күндө өлкө үчүн туруктуулук өтө маанилүү. Экинчиден, ал беш жылдык ишинде өзүн жакшы жактан көрсөттү. Ага азыр ишеним бар», — деген Турсунбеков.

Парламенттин көпчүлүк коалициясы 2-ноябрда төрт партиядан куралган — КСДП, «Ата-Мекен», «Кыргызстан» жана «Өнүгүү — Прогресс». Андагы депутаттардын жалпы саны 80 депутатты түздү.

28 депутаттык мандаты менен «Республика — Ата-Журт» жана 12 мандаты менен «Бир Бол» фракциялары оппозицияда калышкан.