Акыркы ай аралыгында Twitter социалдык түйүнү менен көп нерселер болду: башкы директору алмашып, Twitter Moments ишин баштады. Ошондой эле компания 140 белгилик чектөөнү өзгөртүүнү ойлонуштурары тууралуу ушактар пайда болуп, «Тандалгандарга кошуу» баскычы «Мага жагат» баскычы менен алмаштырылды. Kloop.kgнин баяндамачысы Азамат Өмүралиев кичи блоктордун эң популярдуу сервиси менен эмне болуп жатканын түшүнүүгө аракет кылды.

Жарым жыл мурда Twitterдин абалы узак мөөнөттүү перспективада турукташары түшүнүктүү болгон. Жарнамадан түшкөн кирешеси өсүп, акча төлөнчү сервистерди киргизүү менен киреше алуу ыкмасы иштеп, социалдык түйүндө акылдуураак жарнама менен жакшы колдонуучу базасын киргизүү боюнча пландары бар болчу.

Тема боюнча: Twitterдин бүдөмүк келечеги: социалдык түйүн каржы көйгөйлөрүн кантип чечет?

Бирок жайдын ортосунан тарта Twitterдин акцияларына болгон баалар төмөн түшө баштаган. Ага себеп — жаңы колдонуучулардын агымынын аздыгы жана компаниянын жетекчилигиндеги баш аламандык. Социалдык түйүндүн башчылыгында эч ким көпкө тура албай келген. Үч жылдын ичинде Twitterде төрт башкы директор алмашкан, бирок компания башчылыгына ушул жылдын жайында келген Джек Дорси көпкө чейин калат өңдүү.

Twitterдин негиздөөчүлөрүнүн бири жана жаңы башкы директору Джек Дорси
Twitterдин негиздөөчүлөрүнүн бири жана жаңы башкы директору Джек Дорси

Дорси — Twitterдин негиздөөчүлөрүнүн бири жана компаниянын алгачкы башкы директору, бирок кийинчерээк ал компаниядан кетип, сатып алуу акыларын смартфондордогу кредиттик жана дебеттик карталар менен төлөө мүмкүнчүлүгүн берген Square деген жаңы каржы стартабы менен алектенип кеткен. Мына эмес жети жылдан соң кайрадан компанияга кайтып келүүдө.

Биринчи караганда Дорсинин кайтып келиши технологиялык индустрия алпынын (Стив Джобс) тагдырын бир аз эске салат, бирок Дорсинин Twitterди Apple компаниясынын ийгиликке жетишүүсүндөй кайрадан калыбына келтире алаар-албасы азырынча белгисиз. Учурда ал Twitterдин гана эмес, а жогоруда айтылган Square стартабынын да башкы директору болуп эсептелет.

Болжолдуу түрдө Square ушундай иштейт
Болжолдуу түрдө Square ушундай иштейт

Азыр анын радикалдуу чечимдери сын-пикирлерге кабылууда. Биринчиден, Дорсинин башчылыгы алдында күздүн башталышынан бери компаниянын 300дөн ашык кызматкери (бул жалпы кызматкерлердин 10 пайызга жакыны) жумуштан алынган, бул калифорниялык технологиялык алптар үчүн болуп көрбөгөн көрүнүш. Экинчиден, ошол эле учурдан бери Twitter 140 белги чектөөсүн карап чыгат деген ушактар айтылып келет, бирок ал көбүнчө кайгырууга эмес, а кубанууга себеп болсо керек. Алдын ала маалыматтарга караганда, мында кеп көлөмү боюнча чектелген твиттер эмес, а ал 140 белгинин ичинде шилтемелер менен меншндер эсептелбейт деген жөнүндө болууда.

Ошондой эле Дорсинин башчылыгы алдында жакынкы күндөрү эле «Тандалгандарга кошуу» баскычы дүйнөдөгү эң популярдуу башка соцтармактын үлгүсүндө «Мага жагат» деген баскыч менен алмаштырылды. Бул прессага караганда колдонуучулардын өзүн көбүрөөк кемсинтти. Учурда баскычтардын алмаштырылышына каршы багытталган #TwitterHeart хэштеги социалдык түйүндүн эң популярдуу тренддерине кирет.

Жылдызчанын ордуна — жүрөкчө
Жылдызчанын ордуна — жүрөкчө

Бирок 140 белгилик чектөөнү карап чыгуу сыяктуу эле бул чечимдин да жөнү бар өңдүү сыяктанат. Twitterдин башкы өзгөчөлүктөрүнүн бири — бул басылмалар менен жаңылыктар сайттарынын бөлүшкөн твиттеринин көбү бүйүр кызыткан жана аз маалымат берген фразаларды жана жаңылыкка болгон шилтемени гана камтыганында. Мындан улам шилтеме көрсөтүлгөн сайттарга Twitterге караганда мисалы, Facebookтан көп колдонуучулар өтүшөт. 140 белгинин жаңы форматы агенттиктер менен колдонуучуларды твиттеги шилтемеге алып бара турган макаланы көбүрөөк сөздөр менен сүрөттөп жазууга кызыктыра алат.

Ал эми «жылдызчаны» «лайкка» алмаштыруу психологиялык гана мүнөзгө ээ өңдүү. Twitterдин жаңы колдонуучулары үчүн «тандалмаларга кошуу» системасы көндүм болбогондой көрүнүшү мүмкүн. «Лайк» болсо Instagramда да, Facebookта да бар жана тандалмаларга кошууга караганда кыйла жеңил сыяктанат. Баскычтардын алмаштырылышы колдонуучуларды твиттер менен көбүрөөк өз ара аракетке барууга кызыктыра алат.

Бирок бул чечимдин экинчи жагы да бар. «Тандалгандарга кошуунун» башкы функциясы кызыктуу твиттерди сактап коюууда болчу. Жаңы баскыч менен ал идея өз маанисин жоготуп коюшу мүмкүн, анткени башка социалдык түйүндөрдө «лайк» баскычы колдонуучуну кубаттоо, жактыруу функциясын аткарат эмеспи: Twitterде болсо ал таптакыр башкача.

Мындай жаңылыктардан сырткары жакында эле бир жылдан бери түрдүү ушактардын чыгуусуна себеп болуп келген Twitter Moments иштеп баштады. Moments социалдык түйүн менен аз (же таптакыр) колдонбогондор үчүн түзүлгөн, ал түрдүү темалардагы мыкты твиттерди (негизинен ичине медиафайларды камтыган) топтоп, аларды анча чоң эмес коллекция түрүндө сунуштайт.

Болжол менен Twitter Moments ушундай көрүнүштө
Болжол менен Twitter Moments ушундай көрүнүштө

Мисалы, Momentsтин жаңылыктар басылмаларынан артыкчылыгы анын оперативдүүлүгүндө жана кыскалыгында. Компания өкүлдөрүнүн айтымдарында,  Moments колдонуучуларга он-он беш твиттен турган анча чоң эмес коллекциялардан дал азыркы учурда дүйнөдө эмне болуп жатканын билип алууну сунуштайт. Экинчи жагынан бул кичи сервис мыкты жаңылыктардын агрегаты функциясын аткарат: азырынча ага дагы толуктоолор талап кылынат, бирок Momentsтин келечегинин бар экени ачык байкалууда.

Moments — жаңы киргизилген «лайк» баскычы же 140 белгилик чектөөнү кайра карап чыгуу сыяктуу эле — Twitter менен Джек Дорсинин жаңы аудиторияны тартууга жигердүү аракет кылып жатканынын белгиси. Бул алардын колунан келээр-келбесин көрө жатарбыз.