УКМК төрагасынын орун басары, президенттин мурдагы кеңешчиси Абдил Сегизбаев Кыргызстандын атайын кызматынын башчысы болуп дайындалды. УКМКнын буга чейинки төрагасы Бусурманкул Табалдиев өлкө башчысынын кеңешчиси болуп калды.

Абдил Сегизбаев
Абдил Сегизбаев

5-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасы кызматына Сегизбаевди дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Буга чейин өлкөнүн атайын кызматын жетектеп келген Бусурманкул Табалдиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.

«Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-ноябрда кол койгон Жарлыкка ылайык, Табалдиев Бусурманкул Беркутович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын президентинин Кеңешчиси болуп дайындалды», — деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Сегизбаев дээрлик эки жыл Атамбаевдин кеңешчиси болгон — 2012-жылдан 2014-жылга чейин. Аскар Акаев президент болуп турган кезде ал эки жыл бою өлкө башчысынын басма сөз катчысы болгон.