Президенттин аппарат башчысынын мурдагы орун басары Икрамжан Илмиянов өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп дайындалды.

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жакын санаалашы эсептелген Илмиянов өлкө башчысынын кеңешчиси болду. Анын бул кызматка дайындалгандыгы тууралуу Жарлыкка 5-ноябрда кол коюлду.

Буга чейин ал президенттин аппарат башчысынын орун басары кызматын ээлеп, дарегине «Вечерний Бишкек» басылмасын «рейдерлик басып алуу» айыптары айтылгандан кийин өз каалоосу менен отставкага кеткен болчу.

Илмияновдун өзү ири медиа-холдингдин ээсинин алмашуусуна тиешеси бардыгын четке каккан — ал ага «далилсиз каралоолорго чыдоо кыйын болуп» баштаганын билдирген.

«Ошол эле учурда коомчулук арасында мени бир кылка кабыл албастыгын билем. Мүнөзүмө байланыштуу мен чындыкты бетке айтам, ошондуктан мага таарынган адамдар көп. Дал ошол адамдар ар кандай имиштерди таратып, андан соң жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланып, коомдо талкууга алынат», — деп билдирген ал.

«Вечерний Бишкектин» жетекчилиги алмашканга чейин басылма кыргызстандыктарды Атамбаевдин айланасындагы кызмат адамдарына каршы биригүүгө чакырган.

«Икрам Илмияновдун өз кызматынан кыйла көп нерсени көзөмөлдөп жатканына кандай далилдер керек? Эмне себептен болгону аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеген адамдын иш бөлмөсүнүн алдында министрлер менен депуттардын үймөлөктөшүп жүргөндүктөрүн сурап көргүлөчү? Эмнеге президенттин аппаратынан кайрылгандан кийин судьялардын мыйзамсыз чечимдерди чыгарарын ишкерлерден сурап көргүлөчү?» — деп жазган анда «Вечерний Бишкек» өз кайрылуусунда.