Орусияда Сирияга жоокерлерди жиберген кыргызстандык кармалды

Улуттук коопсуздук комитетинин билдиришинче, жоокерлерди Сириядагы согуш болуп жаткан жерлерге жиберген 25 жаштагы Кыргызстандын жараны орус коопсуздук кызматы менен биргеликте Москва шаарында кармалган.

Сирияга жоокер жиберди делген кыргыз жараны бир айдай мурда орус борбор калаасында колго түшүрүлгөн. Учурда ал Кыргызстанга алып келинип, камакка алынган.

“Кармалган “М.М.” КР тыюу салынган эл аралык террористик уюмдун (кийин - ЭТУ) мүчөсү болуп, жаңы жоокерлерди азгырып жана аларды Сириядагы согуш болуп жаткан жерлерге жөнөтүү менен алектенген”, - деп жазылат мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин билдирмесинде.