Жогорку Кеңеш 5-ноябрдагы пленардык жыйынында Темир Сариевди премьер-министрлик кызматка бекитти. Сариев парламенттин жаңы курамы шайланганга чейин да ушул кызматта иштеп келген. Андан сырткары депутаттар өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын бекитишти — анда бардык вице-премьерлер алмаштырылды.

Кыргызстандын парламенти 5-ноябрдагы пленардык жыйынында Сариевди өкмөт башчысы кызматына дайындады.

Премьердин айтымында, анын жетекчилиги алдында министрлер кабинети «ачык, таза жана жоопкерчиликтүү» иштейт.

Депутаттар премьерди дайындагандан сырткары өкмөттүн жаңы түзүмүн да бекитишти. Анда мурдагы министрлер кабинетиндеги 15 министрликтин 12си гана калтырылды. Эми анын түзүмүндө Коргоо, Энергетика жана Жаштар, эмгек жана миграция министрликтери болбойт. Алардын функцияларын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет, Улуттук энергетикалык холдинг жана Миграция жана иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кызмат аткарат.

Булардан сырткары мурдагы өкмөттүн түзүмүндөгү бир вице-премьерлик кызмат орду жоюлду — парламент коопсуздук, укук тартиби жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр кызматын жоюу чечимин кабыл алды.

Мамлекеттик агенттиктердин саны да 28ден 24кө чейин кыскартылды.

Буга чейинкисине салыштырганда өкмөттүн негизги курамы анчалык деле өзгөрүүлөргө дуушар болгон жок. Негизги өзгөрүүлөр вице-примьер-министрлерге туура келди — Тайырбек Сарпашевди Аалы Карашев, Валерий Дилди Олег Панкратов жана Дамира Ниязалиеваны Гүлмира Кудайбердиева алмаштырды.

Буга чейин Олег Панкратов жетектеп келген Экономика жана өнөр жай министрлигинин башчылыгына каржы министринин мурдагы орун басары Арзыбек Кожошев дайындалды.

Ошондой эле Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин жетекчиси да алмаштырылды — буга чейин иштеп келген Таалайбек Айдаралиевдин ордуна Турдуназир Бекбоев дайындалды.

Өкмөттүн парламент тарабынан бекитилген курамы:

  • Темир Сариев – премьер-министр;
  • Аалы Карашев – биринчи вице-премьер-министр (бул кызматта ал Тайырбек Сарпашевди алмаштырды);
  • Олег Панкратов – экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр (бул кызматка Валерий Дилдин ордуна дайындалды);
  • Гүлмира Кудайбердиева — социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр (Дамира Ниязалиеванын ордуна дайындалды);
  • Арзыбек Кожошев – экономика жана өнөр жай министри (Олег Панкратовдун ордуна келди);
  • Мелис Турганбаев – ички иштер министри;
  • Жылдыз Мамбеталиева – юстиция министри;
  • Адылбек Касымалиев – каржы министри;
  • Кубатбек Боронов – өзгөчө кырдаалдар министри;
  • Кудайберген Базарбаев – эмгек жана социалдык өнүгүү министри;
  • Эльвира Сариева – билим берүү жана илим министри;
  • Алтынбек Максүтов – маданият, маалымат жана туризм министри;
  • Талантбек Батыралиев – саламаттыкты сактоо министри;
  • Аргынбек Малабаев – транспорт жана байланыш министри;
  • Эрлан Абдылдаев – тышкы иштер министри;
  • Турдуназир Бекбоев – айыл чарба жана мелиорация министри (бул кызматка Таалайбек Айдаралиевдин ордуна келди).

Парламенттеги көпчүлүк коалициясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Сариевдин шайланышын өлкөдөгү «туруктуулуктун» маанилүүлүгү менен түшүндүрдү.

«Биз эмнеге Темир Сариевди тандап алдык? Биринчиден, бүгүнкү күндө өлкө үчүн туруктуулук өтө маанилүү. Экинчиден, ал беш жылдык ишинде өзүн жакшы жактан көрсөттү. Ага азыр ишеним бар», — деди Турсунбеков.

Парламенттин көпчүлүк коалициясы 2-ноябрда төрт партиядан куралган — КСДП, «Ата-Мекен», «Кыргызстан» жана «Өнүгүү — Прогресс». Андагы депутаттардын жалпы саны 80 депутатты түздү.

28 депутаттык мандаты менен «Республика — Ата-Журт» жана 12 мандаты менен «Бир Бол» фракциялары оппозицияда калышкан.