Кыргызстандын парламенти өкмөттүн жаңы курамын 5-ноябрда бекиткен — аны кайрадан Темир Сариев жетектеп, өкмөттүн буга чейинки курамындагы 16 министрдин 11и өз ордуларында калышты. «Открытая Азия» басылмасы өкмөт мүчөлөрүнүн социалдык тармактардагы баракчаларын таап чогулткан.

Материалдын түп нускасы «Открытая Азия онлайндын» сайтына жарыяланган

«Открытая Азия онлайн» Кыргызстандын министрлеринин социалдык тармактардагы аккаунттарын таап чогулткан. Анда алардын кээ бирлери өтө активдүү болушса, башкалары суроолорго кээде гана жооп беришип, а үчүнчүлөрү кез-кезде гана пайда болуп турушат экен. Эгер сиздерге Кыргызстандын министрлеринин расмий гана эмес, а жеке хроникасы кызык болсо, анда биз менен бирге социалдык түйүндөргө баш багыңыздар.

Тема боюнча: Парламент Темир Сариевди премьер-министрликке дайындады