Чийүү үчүн керек болгон төрт аспапты алмаштыра ала турган сызгыч, пияз менен алмадан жасалган нан, жасалма аңтерилерден тигилген улуттук баш кийимдер — ушул жана башка ойлоп табуулар кыргыз ойлоп табуучулары тарабынан жаш окумуштуулардын идеяларынын жарманкесинде көрсөтүлдү. Иш-чара 5-ноябрда Бишкектеги тарых музейинде өттү.

Жарманкеде борбордогу мектептер жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү менен катар аймактардан келген коноктор да өз ойлоп табууларын көрсөтүштү.

Анын катышуучуларынын бири Жанара Асангелдиева «жаныбарларды өлтүрбөө үчүн» улуттук баш кийимдерди жасалма аңтерилерден жасоону сунуштады.

«[…] алардын сырткы көрүнүшү табигыйлардан айырмаланбайт. […] Жасалма аңтери абдан кооз, үлпүлдөк жана аппак», — деди ал.

Кыргыз Улуттук университетинин командасы пияз менен алмадан жасалган нан даярдашкан. Ошондой эле анын өкүлдөрү салттуу кыргыз тамактарындагы этти жарым-жартылай төө буурчак жана ашкабак менен алмаштырууну сунушташты.

Нарындан келген ойлоп табуучу Темирбек Корчумаев төрт түрдүү кызмат аткарган сызгычын көрсөттү: циркулдун, бурчтуктун, транспортирдин жана кадимки сызгычтын. Корчумаев анын ойлоп тапкан сызгычы өтө жөнөкөй болгондуктан, аны «биринчи класстын окуучусу да» пайдалана аларын айтты.

Жаш окумуштуулардын идеяларынын жарманкеси Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик фонд тарабынан уюштурулду. Уюштуруучулар анын максаты катары «кийин патенттеп, практика жүзүндө пайдалануу максатында  илимий-техникалык изилдөөлөрдү өнүктүрүү» экенин айтышты.

Авторлор: Владимир Цай жана Уулжан Саякбаева