Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылындагы мектепти 2003-жылы бүтүргөн тургундары 10 жылдык майрамдык кечеден баш тартышкан. Анын ордуна айылдашынын эскилиги жеткен үйүнүн жанына жаңы там салып берүүнү чечишкен.

???????????????????????????????

Канай Эшенкулов Кыргызстан айылындагы Тойчубек уулу Жанадил орто мектебин 2003-жылы аяктагандардын бири. Классташтары менен 10 жылдык кече өткөрүүнүн ордуна, айылдашынын эски үйдө жашап жаткандыгын көрүп, анын тамын жаңылап берүүнү чечишкен.

Эшенкулов Kloop.kgге берген маегинде, там салып берген коломтодо жесир аял өзү жалгыз жети баласы менен жашап турганын, анын көзү өткөн абышкасы болсо айылдын урматтаган молдосу болгонун айтып берди.

Talas_Ui (7)

“Чогулуп олтурсак, балдар он жылдыкты эмне кылабыз деп ушундай сунуш кылышты. Анан мен баш тарткан жокмун. Мынчалык чоң иш баштай элек болчубуз. Биринчи жолу ошону бысымылда деп баштадык”, — деп айтып берди Эшенкулов.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпысынан 24 бала болуп жаңы тамдын тургузулушуна салым кошкон. Үйдүн салынышына бир жарым жыл убакыт кеткен.

Talas_Ui (6)

“Өткөндө барганда үй бүтүп калыптыр. Очогун салып жыйнап жатышкан”, — деп кошумчалайт ал.

Үйдүн салынышына балдар 10 миңден 15 миң сомго чейин жыйнашкан. Кеткен бардык чыгымды бүтүрүүчүлөр өз мойнуна алган, а канча каражат кеткенин Эшенкулов так билбестигин айтты.

???????????????????????????????

“Айылдыктар 10 миңден, шаардыктар 15 миң сомдон чогулттук. Шардыктар азыр экөө элебиз, Москвада да балдар бар. Калган балдардын 90 пайызы эле айылда”, — деп айтып өттү 10 жылдык кечеден баш тарткандардын бири Эшенкулов.

Жаңы тамдын ээси Гүлбара Курманалиева балдарын алты жылдан бери жалгыз өстүрүп келе жатат. Ал буга чейин жашап турган үйү 30 жыл мурда салынганын айтат.

Talas_Ui (4)

“Жардам сураган жокмун, балдар өздөрү жардам беришти. Мындай жардам мага биринчи жолу болуп жатат. 1985-жылкы балдар салып беришти, буга мен ыразымын”, — деди Курманалиева.

Talas0

Балдар салып берген жаңы үйү төрт бөлмөлүү.

“Алты кызым бар, бир балам бар. Азыркы маалда кичүү балам, кичүү кызым менен жашайм. Үч кызым турмушка чыгып кеткен, бир кызым шаарда окуйт, бирөө иштейт”, — деп баяндады жаңы үйлүү болгон жалгыз бой эне.

Сурамжылоо: 10-20 жылдык өткөрүүгө оюңуз кандай?

 

Видео: Учурда колдонууга берилген там 2013-жылы жаңыдан пайдубалы түптөлө баштаган

Сурамжылоо жүргүзгөн: Айдай Амантурова