№38 мектептин мурдагы окуу бөлүм башчысы Айнура Шакиралиева Республикалык олимпиадалык резерв мектебинин убактылуу башчысы болуп дайындалды. Окуу жайдын директору анда окуган студенттер №38 мектепке кол салгандан кийин алмаштырылууда.
Шакиралиева 11-ноябрдан тарта Республикалык олимпиадалык резерв мектебинин директорунун убактылуу милдетин аткаруучу болуп калды. Ал 10 жыл бою №38 мектептин окуу бөлүм башчысы болуп иштеген — 20-октябрда окуу жайдын студенттери дал №38 мектепке кол салып, анын терезе айнектерин талкалап, окуучуларын сабашкан болчу.
Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан Шакиралиеванын окуу жайдын билим берүү бөлүмүн башкаруу боюнча «конкреттүү пландары» бар экенин билдиришти.
«Аңгемелешүү маалында [Шакиралиева] интернаттык типтеги 300 баланы окутуп, билим берүү бөлүгүн көтөрүүгө болорун айтты. Ал тилдерге, анын ичинде англис тилине көбүрөөк басым жасаганы жатат, анткени бизде спортчулардын бардыгы тең чет өлкөлөргө чыгышат», — деп билдиришти агенттиктин басма сөз кызматынан.
Мамагенттиктин өкүлү Шакиралиеванын дайындалышын анын Олимпиадалык резерв мектебинин студенттери бир нече жолу чатакташкан №38 мектепте он жыл иштегендиги менен байланыштырган жок.
«Бизде талапкерлер өтө көп болгон, бирок биз тажрыйбасына карадык, анан да анын көз карашы [Шакиралиеванын окуу жайды реформалоо боюнча көз карашы] биздин көз караш менен дал келди», — деп белгилешти басма сөз кызматтан.
Ошентсе да Мамагенттиктегилер жаңы директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган Шакиралиеванын №38 мектептеги иш тажрыйбасы «келечекте өз жемишин берет», анткени ал «көйгөйдү ичинен билет» деп эсептешет.
Шакиралиеванын директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалышы ал окуу жайды реформалоонун алкагында болууда.
Андан сырткары спорт бөлүмү боюнча директордун орун басары болуп ал окуу жайда 10 жыл машыктыруучу болуп иштеген, кийин Бишкек гуманитардык университети менен И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинде мугалим болуп эмгектенген Азамат Жарматов дайындалды.
Окуу жайдын дайымкы директору 2015-жылдын аягында, ачык конкурстук тандоонун жыйынтыгында дайындалышы керек. Мамагенттиктен белгилешкендей, ал окуу жайдын менеджери ролун аткарат.
Республикалык олимпиадалык резерв мектебиндеги реформалардын негизги бөлүгү кийинки жылы башталышы керек.
Олимпиадалык резерв мектеби менен №38 мектептин окуучуларынын ортосундагы чыр
Олимпиадалык резерв мектебин реформалоо тууралуу чечим ушул жылдын күзүндө орун алган эки жаңжалдан кийин кабыл алынган. 16-сентябрда Олимпиадалык резерв мектебинин студенттери №38 мектептин окуучулары менен мушташып кетишип, анын жыйынтыгында, алты өспүрүм бычактан жаракаттарды алышкан.
Бир айдан соң, 20-октябрда, Олимпиадалык резерв мектебинин студенттери №38 мектепке кол салышкан — алар анын терезе айнектерин талкалап, тогузунчу класстын беш окуучусун сабашкан.
Анда Олимпиадалык резерв мектебинин жети студенти убактылуу кармоочу жайга камалышып, мектептин өзүнүн иши убактылуу токтотулган, а анын директору Мурат Кыбраев кызматтан алынган.
Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин билдирүүсү боюнча, окуу жайда 10-ноябрдан тарта кайрадан окуу процесси башталган.