Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев валюталык насыяларды алып, доллардын курсунун жогорулашынан улам кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткан кыргызстандыктарга жардам берүүнү сунуштады. Америкалык валютанын курсу август айынан бери Кыргызстанда 61 сомдон 71 сомго чейин жогорулады.
Бекешев өкмөттүн парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылып, доллардын курсунун кескин жогорулашынан улам оор абалга дуушар болгон кыргызстандык валюталык зайымчыларды колдоо маселесин карап чыгуусун өтүндү.
— Жарандардын карыздарга байланышкан түйшүктөрү өсүп жаткан маалда мамлекет четте калбашы керек, — деди депутат. — Адамдар эки-үч жыл мурда америкалык валюта менен насыя алышкан, анда доллардын курсу 54-55 сом болчу, а бүгүн анын курсу 72 сомду түзөт. Мындан улам карыздын көлөмү сом менен 30%га өскөн. Мен өкмөткө жарандарды колдоонун механизмдерин иштеп чыгуусун сунуштайм, анын ичинде эгер доллардын курсу 20 пайыздан ашык жогорулаган учурда доллар менен алынган насыяларды сөзсүз түрдө кыргыз сомуна которуу боюнча дагы.
Бекешевдин айтымында, мындай чаралар алар тараптан сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынганга чейин келишилген бүтүмдөргө карата колдонулбайт. Бирок ал белгилегендей, мамлекет «келечек тууралуу ойлонушу керек».
— Алдын ала божомолдогум келбейт, бирок доллардын курсу мындан да өсүп кетиши мүмкүн, ошондуктан биз жарандарды коргоо чаралары тууралуу алдын ала ойлонушубуз керек, — деп билдирди парламентарий.
Экономика жана каржы маселелери боюнча эл аралык адис Данияр Айтман Kloop.kgге курган маегинде Бекешевдин сунушу боюнча пикирин билдирип жатып, мамлекет зайымчыларга алардын рыноктук зыян тартууларын «төлөп бербеши керектигин», анткени андай чаралар «рынок тартибинин алсызданышына жана келечекте кризистик абалдардын кайталанышына алып барарын» айтты.
Айтман компенсацияларды калктын бир топ аяр катмарына берүүгө болот деп эсептейт.
«[…] дефолтко туш болуп, банк күрөөгө коюлган үйүн тартып алып жаткан аз камсыз болгон зайымчыларды гана колдоого алууга болот. Андай учурларда банктарды мамлекет тарабынан берилчү бир аз көлөмдөгү компенсацияны алып, күрөөгө коюлган мүлктөрдү албастан эле карызды кечүүгө милдеттендирүү мүмкүн болмок», — деди экономист.
Айтымында, ал Кыргызстандын «мындай компенсация төлөөнүн чектелген программасын» аткарууга да каражатынын бар экендигинен күмөн санайт.
Учурда кыргыз банктарында насыялар доллар менен да, ошондой эле сом менен да берилет. Бирок ошол эле маалда улуттук валютада берилген насыяларга караганда чет өлкөлүк валюта менен берилген насыялар үчүн пайыздык чен кыйла төмөн.
Маселен, «Демир-банкта» ипотекалык насыя доллар менен жылына 19 пайыздан, ал эми сом менен 25 пайыздан берилет. KICB банкы турак-жай насыяларын сом менен таптакыр бербейт, а доллар менен берилчү ипотеканын пайызы 17-21,5 пайызды түзөт.
Бекешевдин сунушу августтун аягында башталган доллардын курсунун кескин жогорулашынын фонунда айтылды — августта бир доллардын баасы 61 сомдон 65 сомго чейин көтөрүлгөн. Ага Казакстандын өкмөтүнүн улуттук валютаны эркин кое бергенинен улам казак теңгесинин кескин түшүүсү себеп болгон.
Кыргызстандын Улуттук банкы тарабынан аныктала турган доллардын расмий курсу 11-ноябрда кезектеги рекорддук көрсөткүчкө жетти — эми анын курсу 71,54 сомду түзүп турат.
Валюталык зайымчылардын Орусиядагы митинги
Күздүн башында Орусияда валюталык зайымчыларды батирлеринен чыгаруу башталган — бул тууралуу Deutsche Welle билдирген. Ипотекалык насыяларды чет өлкөлүк валюта менен алган орусиялыктардын көбү рублдин курсу 2014-жылдын аягында кескин түшүп кеткенден кийин ай сайын төлөнчү төлөмдөрдү көтөрө албай калышкан.
2015-жылдын башында валюталык зайымчылар карыздарды кайра түзүмдөштүрүү талаптары менен митингдерге чыга башташкан. 28-февралда андай митингдер Орусиянын дароо 20 ири шаарында өткөн.
Зайымчылар алардын көбүнүн кирешелери насыя үчүн төлөнчү төлөмдөрдүн көлөмүнөн ашып кетип, төлөмдөр өз учурунда төлөнбөй, банктар аларга карата соттук процесстерди баштап жаткандыктарын айтышкан. Анда митингчилердин негизги талабы насыяларды келишим түзүлгөн күндөгү курс боюнча рублге которуу болгон.
15-майда Орусиянын Мамлекеттик думасы валюталык ипотекаларды кайра түзүмдөштүрүү тууралуу мыйзам долбоорун четке каккан.
Контрибьюторлор: Айдай Амантурова жана Мээрим Асаматова
Сүрөт: Antonin/Flickr