Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековду «коррупция» беренеси боюнча актады. Ал эми «кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренеси боюнча Келдибеков күнөөлүү деп табылды — ага ылайык, ал 3 миллион сом өлчөмүндөгү айып пул төлөп берүүсү керек болот.

Райондук сот 12-ноябрдагы жыйынында Келдибековду «коррупция» беренеси боюнча актады. Экс-спикер сот залынан бошотулуп, анын мүлкүнө салынган камак алынды.

Судья айыптоолор Келдибековдун күнөөсүн далилдей турган жетиштүү фактылардын негизинде эмес, а «тергөөнүн жоромолдору жана божомолдоолорунун» негизинде куралганын түшүндүрдү.

Ал эми «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренеси боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы күнөөлүү деп табылды — ага ылайык, саясатчыга 30 миң эсептик көрсөткүч же 3 миллион сом көлөмүндөгү айып пул төлөө жазасы көрсөтүлдү.

Сот өкүмдү угузуп жатып айып пулдун көлөмүн аныктоодо Келдибековдун үй-бүлөлүк абалы жана анын кылмыш жоопкерчилигине биринчи жолу тартылып жаткандыгы эске алынганын белгиледи.

Келдибековго каршы айыптоолор

2013-жылдын ноябрында Акматбек Келдибековго каршы Салык кызматы менен Социалдык фондду башкарып турганда «кызмат абалын кыянат пайдаланган» деген айыптар тагылган.

Саясатчы салык чогултуу функциясын «Бизнес өнөктөш» деген аталыштагы жеке компанияга берген жана «жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен көчүрмөлөрдү чыгарууга» «Ротак-Бишкек» компаниясына 21 миллион сомду мыйзамсыз бөлүп берген деп шектелген.

Ошондой эле Акматбек Келдибеков Москвада Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн мыйзамсыз ачкан деп айыпталган. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, аталган уюмду кармап турууга 10 миллион сом жумшалган. Эми Келдибеков дал ушул иш боюнча мамлекетке 3 миллион сом айып пул төлөп бериши керек болот.

Оппозициялык саясатчы өзүнүн кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн —ал өзүн саясий мотивдер менен камакка алынды деп эсептейт.

Буга чейин мурдагы башкы прокурор Аида Салянова эгер Келдибеков күнөөлүү деп табыла турган болсо10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин билдирген.

Экс-парламентарийдин иши боюнча сот Келдибековдун «саламаттыгынын начарлашынан» улам жылдырылып келген. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2014-жылдын августунда анын Германияга чыгып дарыланып келүүсүнө уруксат берген. Жарым жылдан кийин, 2015-жылдын февралында ал кайра Кыргызстанга кайтып келген.

Башкы прокуратура айыпталуучунун чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген Биринчи май райондук сотунун чечими боюнча даттанып, «сотко берилген медициналык документтердин биринде да сот жообуна тартылып жаткан адамдын республиканын аймагындагы медициналык жайларда дарылануусуна болбой тургандыгы жөнүндөгү корутунду берилген эместигин» билдирген.