Ушул тапта Салык кызматы алкоголь продукциясын өндүргөн тогуз кыргыз заводун онлайн-режимде көзөмөлдөп жатат. Мындай аракеттер спирт ичимдиктерин өндүрүүчүлөрдүн акциздик салык төлөөдөн качууларына жол бербөө максатында көрүлүүдө.

Кыргызстандын өкмөтү 2015-жылдын майында бардык алкоголдук продукция өндүрүүчүлөрдү видеокөзөмөл камералары менен чыгымдарды эсептөө жабдууларын орнотууга милдеттендирген болчу. Мындай чараларды көрүү чечими Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) алкоголь өндүргөн заводдор контрафакттык продукция чыгарып жатат деген шектенүүлөрүнөн улам кабыл алынган.

МСКнын маалыматы боюнча, жыл башынан бери Кыргызстанда өндүрүлгөн алкоголдук продукцияга болгон акциздик салык болгону 55 гана пайызга аткарылып, бюджетке 290 миллион сом түшкөн.

Учурда видеокөзөмөл камераларын тогуз, ал эми чыгымдарды өлчөө жабдууларын төрт алкоголь өндүрүүчү орноткон. Заводдордун бардык аймагына — цехтерге, сапат көзөмөлдөө бөлмөлөрүнө, кампаларга орнотулган камералар салык кызматынын өкүлдөрүнө онлайн-режимде жеткиликтүү. Ал камераларга жазылып калган видеолор топтогуч дисктерде үч айга чейин сакталат.

Чыгымдарды өлчөө жабдуулары алкоголь продукциясын өндүрүү заводдорунун жабдууларына түздөн-түз туташтырылат. Алардын жардамы менен Салык кызматы белгилүү бир убакыттын ичинде заводдо канча продукция өндүрүлгөнүн аныктайт. Бир заводду чыгымдарды өлчөө жабдуулары менен жабдууга 130 миң сом керектелет — өндүрүүчүлөр аларды өз эсептеринен орнотуулары керек.

Бирок Салык кызматы тараптан мындай көзөмөлдүн киргизилишине өндүрүүчүлөрдүн баары эле макул боло берген эмес. Эки ири алкоголь өндүрүү компаниясы — «Аю» менен «Кыргыз Алко Трейд» — видеокөзөмөл камералары менен чыгымдарды өлчөө жабууларын милдеттүү түрдө орнотуу тууралуу өкмөттүн чечими боюнча сотко кайрылып, аны жокко чыгарууга аракет кылышкан.

Бул компаниялар ишканалар жеке менчикте болгондуктан мамлекет мындай жол менен алардын ишмердүүлүктөрүн көзөмөлдөй албайт деп эсептешет. Өз кезегинде Салык кызматы мындай аракеттерди зарылчылык менен түшүндүрүп келет.

«Биздин өлкөдө жыл өткөн сайын контрафакттык продукциянын саны өсүп жатат. Ишканалардагы салык посттору эртең мененки саат 9дан кечки алтыга чейин иштешет, бирок салыктарды төлөөдөн качуу максатында түнкүсүн иштеген компаниялар да бар», — деп билдирген мекеменин басма сөз катчысы Эркин Сазыков.

Биринчи баскычтагы сотто Салык кызматы утуп алган. Учурда иш Бишкек шаардык сотунун кароосунда.

Автор: Эвелина Зайцева