Жогорку Кеңеш мурдагы чакырылыш маалында аккредитацияларынан ажыратылган үч журналистти парламенттин жаңы чакырылышынын жыйындарына киргизүүдөн баш тартып жатат. Өз кезегинде журналисттер жаңы чакырылыштын ишин чагылдырууга укуктуу экендиктерин билдиришүүдө.
Парламент жыйындарына үч журналистти — 24.kg агенттигинин кызматкерлери Дарья Подольская менен Юлия Костенкону, ошондой эле «Республика» гезитинин журналисти Махинур Ниязованы киргизүүдөн баш тартып жатат.
Парламенттин басма сөз кызматынын өкүлдөрү аталган журналисттер ушул жылдын мартында бир нече депутаттын 24.kg агенттиги тарабынан «такталбаган маалыматтардын» жарыяланышы боюнча даттанууларынан кийин аккредитацияларынан ажыратылгандыктарына шилтеме кылып жатышат.
Жакынкы убактарга чейин 24.kg агенттигинде иштеген Махинур Ниязова аккредитациядан өткөн ЖМК кызматкерлеринин тизмеси боюнча парламенттин имаратына кире албай жатканын айтты.
«Учурда бир катар журналисттерди Жогорку Кеңештин имаратына киргизбей жатышат. Биз депутаттардын кээ бирлерине кайрылып, бизге кирүүгө укук берчү кагаз жазып берүүлөрүн өтүнүүгө аргасыз болуудабыз, анткени бизди жөн гана тизмеге кошпой жатышат», — деди Ниязова.
Аны Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Радбек Ешмамбетов азыр журналисттерди парламенттин жаңы чакырылышына аккредитациялоо аяктай электиги жана учурда анын имаратына Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышы маалында аккредитациядан өткөн журналисттер гана кире ала тургандыгы менен түшүндүрдү.
Ниязова парламентте эки тизме бар деп эсептейт — алардын биринде аккредитацияга ээ журналисттердин аты-жөндөрү жазылган, а экинчисинде — аккредитация алууга билдирме бергендердин фамилиялары, бирок баарыныкы эмес. Ниязова өзүн жаңы тизмеден да таба алган эмес. Ал журналисттердин жаңы тизмесине жалпыга маалымдоо каражатарынын кызматкерлерин «тандап» киргизип жатышат деп эсептейт.
Ешмамбетов эгер эки тизме тууралуу маалымат аныктала турган болсо, парламенттин басма сөз кызматын «жазалай тургандыгын» айтты.
«Эгер андай өзгөрүүлөр бар болсо, анда мен аларды жазалайм, анткени менин көрсөтмөм мындай болгон — тизме боюнча буга чейин аккредитациядан өткөн журналисттерди гана киргизүү», — деди ал.
Бирок парламенттин буга чейинки чакырылышына аккредитациядан өтпөгөн, бирок бул жолкусуна аккредитациядан өтүү үчүн билдирме берген Kloop.kgнин кабарчысы 13-ноябрда Жогорку Кеңештин имаратына тоскоолдуксуз эле кире алды — кире бериштеги көзөмөл өткөрмө пунктундагы тизмеде анын аты-жөнү бар болуп чыкты.
Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин айтымында, өткөн чакырылыш маалында аккредитациясынан ажыратылган журналисттердин жаңы чакырылыштын ишин чагылдырган ЖМКдардын кызматкерлеринин тизмесинен кирээр-кирбеси боюнча чечимди Журналисттерди аккредитациядан өткөрүү боюнча комиссия кабыл алат.
Журналисттердин укуктарын коргогон «Медиа Полис Институту» уюму аталган комиссиянын макамынан жана журналисттерди парламентке киргизүү тууралуу чечимдерди кабыл алуу укугунун бар экендигинен күмөн саноодо.
«Жогорку Кеңештин регламентинде да, аккредитациядан өткөрүү эрежелеринде да аккредитациялоо боюнча комиссия тууралуу эч нерсе айтылган эмес», — деп жазылган уюм тарабынан таратылган билдирүүдө.
Анын юристтери журналисттерди парламентке аккредитациялоо тууралуу «бешинчи чакырылыштын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаганга чейин» күчүндө боло турган эрежелерге шилтеме жасап жатышат.
«Журналисттерди бешинчи чакырылышта аккредитацияларынан ажыратуу чечими алардын алтынчы чакырылшка аккредитациядан өтүүсүнө таасир этпеши керек. Демек, мурдагы чакырылыштын чечими аталган журналисттерди азыр аккредитациядан өткөрүүдөн баш тартууга негиз боло албайт», — деп жазылган билдирүүдө.
Аккредитацияларынан ажыратылган журналисттер
2015-жылдын февралында депутат Ирина Карамушкина анын ар-намысына жана ишкердик зоболосуна шек келтирген «ушактардан» улам 24.kg агенттигинин журналисти Махинур Ниязованы аккредитациясынан ажыратуу өтүнүчү менен парламент жетекчилигине кайрылган.
Мында кеп айдоочусу эки жөө адамды сүзүп кеткен маалда Карамушкине кызматтык унаасынын ичинде болгон деген маалымат боюнча эл өкүлүнүн доо арызы тууралуу болууда. Анда Жогорку сот Ниязова тарабынан жарыяланган маалыматты “чындыкка дал келбеген” жана депутаттын“ар-намысына шек келтирген” маалымат деп тапкан.
2014-жылдын мартында болсо депутат Гусаров журналисттер Юлия Костенко менен Дарья Подольскаянын аккредитацияларын чакырып алуу өтүнүчү менен кайрылган. Анда Гусаров аталган журналисттер Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Аскар Төрөбаев менен Гусаровдун өзүн жана «Ар-Намыс» фракциясын «каралагандыктарын» жазган.
«Жогоруда көрсөтүлгөн кабарчылар 24.kg маалымат агенттигинин расмий сайтына Төрөбаевдин Мамлекеттик каттоо кызматынын башчылыгына дайындалышы тууралуу менин айткандарым жана ал тараптан «Ар-Намыс» фракциясынын сатылып алынгандыктары фактысы тууралуу жалган маалыматтарды жайгаштырышкан», — деп билдирген Гусаров.
Редакция журналистинин парламентарий менен болгон маектешүүсүнүн стенограммасын тараткан. Анда мурдагы фракциясыз депутат Өмүрбек Абдрахманов «Ар-Намыс» фракциясы кызмат орундарын сатып жаткандыгы тууралуу «ушактарды таратып» жаткандыгы айтылган.
«Ооба, ушактар болуп атат. Аларды Абдрахманов таратып жатат. Ал Америка президентинин сүрөтүнүн алдына отуруп алып сыналгы аркылуу «Ар-Намысты» сатып алып жаткандыктарын билдирүүдө», — деп жазган маалымат агенттиги Гусаровдун айткандарын.
Маалымат агенттигинин редакциясы Гусаровдун бул маалыматтарды айтып жаткандыгы даана угулган аудиожазуунун бар экендигин билдирүүдө.
Журналисттерди аккредитациядан өткөрүү боюнча комиссия бардык материалдарды карап чыккандан кийин журналисттер «чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратышкандыгын» ырастаган.
Конституциянын 93-беренесине ылайык, кайсыл бир маалыматтын чындыкка дал келээр-келбеси же адамдын ар-намысын каралаган же каралабагандыгы тууралуу чечим чыгарууга соттун гана укугу бар. Гусаров болсо журналисттерге каршы арыз менен сотко кайрылган эмес.
Соавтор: Эвелина Зайцева