Кыргызстандын Каржы министрлигинин сайты бузуп ачылган лиценция менен (CMS) иштеп жатат — бул тууралуу Diafan сайттарды башкаруу системасынын иштеп чыгуучулары билдиришти. Алардын маалыматтары боюнча, компания өз продуктусунун мыйзамсыз пайдаланылып жаткандыгы фактысын аныкташкан — кыргыз Каржы министрлигинин сайты эки жылдан ашык убакыттан бери алардын продуктусунун бузулуп ачылган версиясында иштеп келген.

Diafan сайттарды башкаруу системасынын (CMS) мыйзамсыз пайдаланылып жаткандыгы тууралуу маалымат xaker.ru сайтында 16-ноябрда пайда болгон.

Бул маалыматты аталган CMSти иштеп чыккан орусиялык «Диафан» ЖЧКсынан Kloop.kgнин кабарчысына ырасташты.

«Азыркы учурда [кыргыз Каржы министрлигинин CMSти пайдаланууга лицензиясы] жок. Сайт эки жылдан бери иштеп келет жана ошондон бери алар лицензия сатып алышкан эмес, алардыкы «бузулуп ачылган» лицензия. Муну Каржы министрлигинин кызматкерлеринин кылгандыгынан күмөнүм бар. Аны сайтты иштеп чыгуучулар жасаган болуулары мүмкүн», — деди компаниянын башкы директору Дмитрий Афанасьев.

Афанасьевдин айтымында, компания жетекчилиги лицензия сатып алуу талабы менен кыргыз Каржы министрлигине расмий доомат коюуга камданып жатат. Эгер мекеме сатып алуудан баш тарта турган болсо, анда программалык камсыздоонун иштеп чыгуучулары алардын продуктусун сайттан өчүрүүнү талап кылышат. Эгер андай болбосо CMSтин иштеп чыгуучулары сотко кайрылуу ниетинде.

Учурда CMS Diafanдын баасы 7000 орус рублин түзөт.

Каржы министрлигинен Kloop.kgнин кабарчысына учурда мекеменин техникалык адистери CMSтин мыйзамсыз пайдаланылышы фактысын текшерип жаткандыктарын айтышты. Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, министрлик сайттын иштеп чыгуучуларына техникалык тапшырмаларды жазуу менен гана алектенген, а калган жумуштарды Дүйнөлүк банктын максатттуу фондунун адистери аткарышкан. (Каржы министрлигин сайты Дүйнөлүк банктын акчасына иштелип чыккан.)

«Тендерди максаттуу фонддун адистери өткөрүшүп, жеңүүчүлөрдү ошолор тандашкан. Алар биздин талапка толугу менен жооп берген сайт жасап беришкен. Ал эми адисттердин кайсыл продуктту пайдалангандыктарын биз билбейбиз», — деди Каржы министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Назарбек Малаев.

Каржы министрлиги сайттын иштеп чыгуучулары менен байланышууга аракет кылышкан, бирок басма сөз катчынын айтымында, азырынча алар жеткиликсиз болууда.

«Бизге веб-сайтты жасап берген адис бекер иштеген эмес да — ал программалык камсыздоо сатып алып, сайтты ошонун негизинде иштеп чыгуусу керек болчу. Бирок биздин IT-адистер түшүндүрүшкөндөй, ал анда программалык камсыздоонун бар экенин айткан», — деп кошумчалады Малаев.

Автор: Эвелина Зайцева