Футбол боюнча Кыргызстан курамасы 2018-жылы Орусияда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу оюндарынын алкагында оз талаасында Иордания командасын кабыл алып, 1:0 эсебинде жеңишке жетти. Кыргыз командасы үчүн бул тандап алуу беттештеринин экинчи баскычында өз талаасында өткөргөн акыркы беттеши болду.

КТРКнын видео-трансляциясынын толук көчүрмөсү:

Кыргызстан беттештин көпчүлүк бөлүгүндө оюнду көзөмөлдөп, Иордания оюнчуларына басып жасоо менен алардын дарбазасынын алдында көптөгөн кооптуу абалдарды жаратты.

Оюндагы жалгыз голду 48-мүнөттө Антон Землянухин киргизди — кыргыз курамасынын жарым коргоочусу эки атаандашты алдап өтүп, атаандаштын айып аянтчасынан дарбазанын алыскы бурчуна таамай сокку узатты.

Оюндун жүрүшүндө кыргыз командасынын оюнчулары бир нече кооптуу абал жаратышты, бирок алардын бардыгын гол менен жыйынтыктай алышкан жок.

Оюндун аягында иорданиялык оюнчулар башкы калыс Чарымурат Курбановдун ишине агрессивдүү реакция жасашып, талаада мушташ чыгып кете жаздады, бирок Иорданиянын машыктыруучу курамы менен милиция кызматкерлери футболчуларды тынчтандырып, талаадан алып кетишти.

Иордания курамасынын башкы машыктыруучусу Пол Пут ал көрүнүш боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, ал учурда талаада болбогондугун айтты.

«Беттешти оюнчулар утушту»

Оюндан кийинки маалымат жыйынында Пол Пут кыргыз командасы «беттеште күчтүрөөк» болгонун, бирок анын тарбиялануучуларынын «жакшы оюн көрсөтүүсүнө» башкы калыс Чарымурат Курбановдун калыстык кылуусу «тоскоол» кылганын белгиледи.

«Силердин 22-номуруңар [Землянухин] биздин курама үчүн өзгөчө кооптуу болду, бирок ал эки коргоочуну алдап өткөндөн кийин гол киргизди — оюнчулар андай оюн көрсөтпөшү керек болчу», — деп билдирди ал.

Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин эки командада тең жеңишке жетүүгө «мүмкүнчүлүк болгонун», бирок анын тарбиялануучулары «оюнга кыйла жакшы даярдангандыктарын» билдирди.

«Теориялык жактан бизде топтон экинчи орун менен кийинки баскычка чыгууга мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Мартка чейин [Тажикстан менен болчу оюнга чейин] күтөлү, упайларды санап аракет кылабыз», — деп билдирди ал.

Кыргыз курамасынын башкы машыктыруучусу Кыргызстан оюн калысынын жардамы менен жеңишке жетти деген кесиптешинин пикири менен макул болгон жок.

«Оюнду калыстар эмес, а оюнчулар утушту», — деп кошумчалады Крестинин.

Кыргызстан 11 упайы менен «В» тобундагы үчүнчү орунун сактап калды, а Иордания курамасы Австралия Бангладешти 4:0 эсебинде уткандан кийин экинчи орунга түшүп калды.

(function() {
var lb24 = document.createElement('script'); lb24.type = 'text/javascript'; lb24.id = '24lbScript'; lb24.async = true; lb24.charset="utf-8";
lb24.src = '//v.24liveblog.com/embed/24.js?id=1309571';
(document.getElementsByTagName('head')[0] || document.getElementsByTagName('body')[0]).appendChild(lb24);})();

Бул быйылкы тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Иордания курамаларынын ортосундагы экинчи беттеш. Иордания борбору Амманда өткөн биринчи оюн 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

Иордания 13 упайы менен «B» тобунун лидери болуп эсептелет, а Кыргызстан 8 упайы менен үчүнчү орунга жайгашкан.

Чет өлкөлүк букмекер кеңселери бул беттеште Кыргызстандын жеңишке жетээрине ишенишпей эле жана артыкчылыкты Иорданияга берип жатышат.

Бул быйылкы тандап алуу оюндарынын алкагында кыргыз курамасынын өз талаасында өткөрө турган акыркы оюну — андан сырткары кыргыз футболчулары 2016-жылдын 29-мартында Тажикстанга каршы оюн өткөрүшөт.