Жол кайгуул кызматы 2018-жылы Орусияда өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу оюндарынын алкагында өтчү Кыргызстан-Иордания беттешине байланыштуу Бишкектин бир катар борбордук көчөлөрүн жабат.

17-ноябрь күнү саат 14:00дөн 00:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдүн айрым бөлүктөрү жабылат:

  • Фрунзе көчөсүнүн Эркиндик гүлбагы менен Исанов көчөсүнүн ортосундагы бөлүгү;
  • Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектиси менен Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү;
  • Киев көчөсүндө автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип турат.

Кошумча түшүндүрмө: кара түс менен унаалардын жүрүүсү үчүн жабыла турган көчөлөр, а кызыл түс менен чектөө киргизиле турган көчөлөр белгиленген.

Кыргызстан жана Иордания курамаларынын ортосундагы футболдук беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы (Спартак) стадиондо кечки саат 20:00дө башталат. Бул кыргыз командасы 2018-жылкы дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу оюндарынын алкагында өз талаасында өткөрө турган акыркы беттеш болот. Кыргызстан курамасы алты оюндан кийин 8 упайы менен өз тобунда үчүнчү болуп келе жатат.