Мамлекеттик катоо кызматы 1994-жылкы үлгүдөгү паспорт ээлери 2015-жылдын 24-ноябрынан тарта чет өлкөлөргө чыга албай тургандыктарын билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, мындай талаптар Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарында жазылган.

1994-жылкы үлгүдөгү паспортторун алмаштырууга жетишпей калган кыргызстандыктар 2015-жылдын 24-ноябрынан баштап чет өлкөлөргө чыга алышпайт, деп жазылган Мамлекеттик каттоо кызматынын билдирүүсүндө.

«Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарына ылайык, ал уюмга мүчө болгон бардык өлкөлөрдүн жарандары эл аралык учууларда машина окуучу паспортторго гана ээ болуулары керек», — деп билдирди мекеме.

1994-жылкы үлгүдөгү паспорттор колго толтурулган жана андагы маалыматтар автоматтык түрдө окулбайт.

Эл аралык жарандык авиация уюмуна мүчө бардык өлкөлөрдө машина окуучу паспортторду киргизүү тууралуу талаптар көрсөтүлгөн чечим 2001-жылы кабыл алынган болчу.

Мамкатоо кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын 3,5 миңден ашык жараны дагы деле 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторун алмаштыра элек.

2015-жылдын июлунда өкмөт эски үлгүдөгү документтерди алмаштыруу өнөктүгүн баштаган болчу — ал өнөктүктүн алкагында, Каттоо кызматы 2004чү жана 2006-жылкы үлгүдөгү 101 миңден ашык паспортту ID-карталарга алмаштырган. Паспортторду алмаштыруу тууралуу токтомдо эски үлгүдөгү документтер 2015-жылдын 1-сентябрынан кийин жараксыз болуп калары жазылган

Анда өкмөт паспортторду алмаштыруу өнөктүгү биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен өткөн парламенттик шайлоо үчүн да өткөрүлүп жатканын билдирген.

Бирок сентябрдын башында мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев өкмөт менен Боршайком жарандардын 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттор менен добуш берүүлөрүнө уруксат бере тургандыгын айткан. Өз кезегинде Мамкаттоо кызматы паспортторду алмаштыруу мөөнөтсүз негизде жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Sputnik жаңылыктар агенттиги билдиргендей, Кыргызстандын улгайган адамдарынын бир катары «пенсиясыз калабыз» деп чочулагандыктан, паспортторду алмаштыруу өнөктүгү пенсия курагындагы адамдардын арасында ажиотаж жараткан.

Агенттиктин кабарчысы тарабынан Калкты тейлөө борборлорунун биринде тартылан видеодо өтө чоң кезек күтүүлөр көрсөтүлгөн.

«Мамлекетте эски паспортторду алмаштыруу боюнча өнөктүк жүрүп жатканын жана паспорттор эски болгондуктан пенсия берилбей турганын айтышты», — деп билдирген видеодо пенсионерлердин бири.

Кийинчерээк Кыргызстандын Социалдык фонду аларга эски үлгүдөгү паспорттор боюнча пенсия төлөбөө тууралуу токтом келип түшпөгөндүгүн билдирген.

Жарандар эски үлгүдөгү паспортторун алмаштыруу үчүн катталган аймагы боюнча кайрылып, өзү менен 4×6 форматындагы эки сүрөт, соцфонд тарабынан берилчү идентификациялык номурун жана эски паспортун алып алуулары керек.