Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) орусиялык «Когалымавиа» авиакомпаниясынын Египеттин Синай жарымаралында кыйрап түшкөн «Аэробус» А321 угагынын ичинде колго жасалган бомбанын жарылуусу болгонун билдирди.

Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников Орусиянын Коопсуздук кеңешинин жыйынында «Когалымавиа» компаниясынын А321 учагы колго жасалган бомбанын жарылуусунан улам кыйраганын билдирди, деп жазды «Интерфакс» «Россия-1» телеканалына шилтеме кылып.

«Абада тротил эквивалентиндеги 1 килограмм кубаттуулуктагы колго жасалган жардыруучу зат иштеген. Анын жыйынтыгында учак асманда кыйраган, бул учактын кыйраган бөлүктөрүнүн чоң аймакка чачырап кеткендигин түшүндүрөт», — деп жазды «Интерфакс» Бортниковдун айткандарын.

Орусиялык авиакомпаниянын учагы 31-октябрда Египеттин Синай жарым аралында кыйрап түшкөн. Анда 217 жүргүнчү жана жети экипаж мүчөсү болгон — жардыруудан улам алардын баары тең каза болушкан.

«Би-би-синин» орус кызматы Бортниковго шилтеме жасоо менен жардыруучу зат чет өлкөдө өндүрүлгөнүн билдирүүдө.

«Муну террористтик акт болгон деп даана айтууга болот», — деп билдирди орусиялык атайын кызматтын башчысы.

Бортниковдун баяндамасына жооп кылып Орусия президенти Владимир Путин күнөөлүүлөрдү «жер шарынын кайсыл гана бөлүгүнөн болбосун таап, жазалай» турганын убадалады, деп жазды «Коммерсант» гезити.

«Биздин адамдардын Синайда өлтүрүлүшү — курмандыктар көп болгон кандуу кылмыштардын катарында. Биз жүзүбүз менен жүрөгүбүздөгү көз жашты сүртпөйбүз, алар биз менен түбөлүк калат. Бирок бул кылмышкерлерди таап, аларды жазалоого тоскоолдук кылбайт. Биз муну мөөнөтүн өткөрбөстөн жасап, алардын аты-жөндөрүн билишибиз керек. Алар кайсыл жерге жашынбасын биз бардык жерден издейбиз. Биз аларды жер шарынын кайсыл гана бөлүгүнөн болбосун таап, жазалайбыз», — деп жазды «Коммерсант» Путиндин айткандарын.

Басылма Орусия президенти Тышкы иштер министрлигине терактка күнөөлүүлөрдү колго түшүрүү үчүн жардам сурап «бардык өнөктөштөргө» кайрылууну тапшырганын кошумчалады. Ошондой эле «Коммерсант» ФСБнын Коомдук байланыштар бөлүмүнө шилтеме жасап, «жардырууга тиешеси барлар» тууралуу так маалымат бергендер үчүн 50 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү сыйлык жарыяланганын жазды.

«Би-би-си» Коопсуздук кеңешинин жыйыны 16-ноябрь кунү кечинде болгонун, бирок Кремлдин басма сөз кызматы ал тууралуу маалыматты 17-ноябрда гана жарыялаганын билдирүүдө.

Учактын кыйрашы

Орусиялык «Когалымавиа» компаниясынын А321 учагы 31-октябрда кулап түшкөн — ал Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарынан Санкт-Петербургга учуп, Синай жарым аралында кыйроого учураган.

Учактын кыйрап түшүүсү үчүн жоопкерчиликти эл аралык «Ислам мамлекети» экстремисттик уюму алган, бирок орус бийлиги теракт ыктымалдыгын көпкө чейин четке кагып келген.

Британ жана америка бийликтери буга чейин эле учактын кулашына анын ичиндеги жарылуу себеп болгонун жана ага «Ислам мамлекети» тобунун күнөөсү бар экенин билдиришкен болчу. «Коммерсант» билдиргендей, алардын маалыматтары террористтердин сүйлөшүүлөрүнүн тыңшалышынан алынган жана агентуралык маалыматтарга негизделген.

Египет бийлиги теракт ыктымалдыгын моюнга алуудан баш тартышкан, бирок кийинчерээк Египеттин жаңылыктарын чагылдырган «Аль-Масри-аль-Яум» жаңылыктар сайты «тергөө комиссиясындагы булактарына» таянуу менен «кара кутулардын» чечмелениши кыймылдаткычтагы жардырууну күбөлөндүргөнүн билдирген.

Сүрөт: Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги