Бүгүн Ош шаарындагы “Кремль” түнкү клубунда шоу-программа менен эл аралык студенттер күнү белгиленээр алдында турат. Шаардын жаш активисттери “адеп-ахлакка туура келбеген” кеченин өтүшүнө жалпысынан каршы экенин, өзгөчө мындай иш-чаранын коомчулукка ачык жарыяланып жатканына нааразычылыгын айтып чыгышты.

“Кремль” клубу студенттердин күнүнө карата өзүнүн шоу-программасын октябрь айынын аягында жарыялай баштаган болчу. Анда бир катар номер менен бирге “стриптиз, көңүл ачуучу жана адепсиз сынактар 18+” деген кеченин программасын көрүүгө болот.

Оштун жаш активисттери аталган клубда “18+” шоусунун өткөрүлүшүнө каршы чыгып, кечээ шаардагы Кыргыз улуттук драма театрынын алдында чогулушкан.

11140328_789721017821391_1101494648761574693_n
Акциянын жүрүшүнөн сүрөт/Медербек Абыманапов

Алардын бири Медербек Абдыманапов Kloop.kg менен болгон маегинде, кыргыздын каада-салтына туура келбеген майрам, студенттер күнүнө карата уюштуруп жатканы туура эмес дейт.

“Ал жерде жылаңач кыздардын бийлегенине белек берет экен, эң көп ичимдик алгандарга белек берет экен, ошол жарыяда жазылып тургандай ар кандай сынактар болот экен. Мындай иш чараларды жабык түрдө өткөрө берсе биз каршы эмеспиз. Бирок алар жарым жылаңач кыздардын сүрөтүн университеттерге жарыялап, аялдамаларга илип, жада калса жалпыга маалымдоо каражаттарынан да чыгарып жатышат. Биз ушул нерсенин ачык түрдө жүргүзүлүшүнө каршы чыктык”, — деп билдирди Абдыманапов.

Кечээги акциянын жүрүшү тууралуу коомдук тармактагы жазууда көпчүлүк пикир билдиргендер бул иш-чараны колдоорун айтышкан.

Бул боюнча түнкү клубдун кызматкери менен байланышканда майрамдык кече өтөөрүн, бирок толук маалымат үчүн жетекчилик менен байланышуу керектигин айтты. Ал эми клуб жетекчиси бул боюнча жеткиликсиз бойдон калууда.