Премьер-министр Темир Сариев Энергетика жана өнөр жай, ошондой эле Жаштар, эмгек жана миграция министрликтерин жоюу тууралуу жарлыкка кол койду. Ошентип ал ноябрдын башында парламенттик көпчүлүк тарабынан киргизилген министрлер кабинетинин түзүмүндөгү өзгөртүүлөрдү жыйынтыктады.

Сариев кол койгон жарлыкка ылайык, өкмөттүн түзүмүндөгү Энергетика жана өнөр жай министрлиги жоюлуп, анын ыйгарым укуктары Экономика министрлигине өттү.

Ыйгарым укуктардан сырткары энергетика жана өнөр жай маселелеринин үстүнөн иштөө үчүн Экономика министрлигине жоюлуп жаткан министрликтин борбордук аппаратынан 50 кызматкер өтөт.

Буга чейин айтылгандай, энергетика тармагындагы маселелерди жаңы түзүлгөн мамлеккеттик холдинг чечет.

Өз кезегинде Жаштар, эмгек жана миграция министрлигинин ыйгарым укуктары дароо үч мекемеге берилип, ал дагы жоюлду:

жаштар саясаты маселелерин Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик чечет;

эмгек маселелери Социалдык өнүктүрүү министрлигине өттү;

ал эми миграциялык саясат жаңы түзүлгөн Миграция боюнча мамлекеттик кызматка өттү.

Өкмөттүн түзүмүндөгү мындай өзгөртүүлөр 2015-жылдын 5-ноябрында парламенттин жаңы чакырылышы тарабынан Темир Сариевдин кайрадан премьер-министрликке тандалышы менен кабыл алынган болчу.

Жарлыкка ылайык, жоюлган министрликтер активдеринин бардыгын ыйгарым укуктары берилген башка мекемелерге өткөрүп берүүлөрү керек болот, өз кезегинде ал мекемелер эки апта аралыгында жаңы түзүмүн даярдап, башкаруу системасын бекитиши керек.

Жаңы парламенттин алдындагы өкмөт

Өкмөттүн жаңы түзүмү ушул жылдын октябрында шайланып келген парламенттин 6 чакырылышынын коалициялык көпчүлүгү тарабынан 5-ноябрда кабыл алынган.

Ал коалицияга парламенттеги алты фракциянын төртөөсү кирген — КСДП, «Кыргызстан», «Ата Мекен» жана «Өнүгүү».

Анда өкмөттөгү министрликтердин саны 14төн 12ге чейин,  а мамагенттиктердики 28ден 24кө чейин кыскартылган. Коргоо министрлиги Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет деп өзгөртүлгөн, андан сырткары эки мамлекеттик холдинг түзүлгөн — энергетика жана мамлекеттик мүлк.

Анда парламенттин курамы бир канча өзгөрүүлөрдү эсептебегенде дээрлик парламенттин жаңы чакырылышы шайланып келе электегидей бойдон калган. Болгону биринчи вице-премьер-министр жана социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрлер алмаштырылган. Биринчи вице-премьерликке Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы башчысы Аалы Карашев, ал эми социалдык маселелер боюнча вице-премьерликке Гүлнара Кудайбердиева дайындалган.

Сүрөт: Улан Асаналиев / «Азаттык»