Ооган бийлиги сентябрь айында Тажикстан менен болгон чек арадан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан Кундуз шаарына кол салган согушкерлердин болжолдуу санын эсептеп чыкты. Өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басарынын айтымында, анда шаарга түрдүү экстремисттик топтордун 1300дөн ашуун согушкери кол салган.

15-ноябрда Ооганстандын тышкы иштер министринин орун басары Хикмет Халил Карзай Кундуз шаары үчүн түрдүү экстремисттик уюмдардын 1300дөн ашык согушкери салгылашкандыгын билдирди. Айтымында, алардын арасында «Аль-Каида», «Ислам мамлекети», «Чыгыш Түркстандын ислам кыймылы» жана «Өзбекстан ислам кыймылы» топтору бар болгон.

«Ал чет өлкөлүк согушкерлер Пакистан, Тажикстан, Кытай жана башка өлкөлөрдөн келишкен. […] Бирок бул топтордун түпкү максаты болуп Ооганстан эсептелбейт. Ал топтордун көбү жетүүнү абдан көздөгөн умтулууларга ээ», — деп билдирди Карзай.

Ал экстремисттерге каршы аракеттерди көрүү жоопкерчилиги жалгыз Ооганстанга гана жүктөлбөшү керектигин билдирди.

«Азыр биз ал жалпы коркунучтар менен жалпы көйгөйлөргө ээбиз, биздин ар бирибиз ал сыноолордон өтүшүбүз керек», — деди ал аймактагы экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жамааттык аракеттердин зарылдыгы тууралуу айтып жатып.

«Таймс оф Индия» гезити Карзайга шилтеме жасоо менен ооган ТИМи бул коркунучтардан улам Кытайдын аскерий жардамдарды көбөйтүүсүн өтүнгөнүн жазды.

Аймактагы чек араларды бекемдөө

Кундуз шаары үчүн болгон күрөш борборазия республикаларынын бийликтеринин кооптонууларын жаратып, алар өлкөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чек аралардагы жамааттык чараларды күчөтүү тууралуу кайрадан жаңы күч менен билдирип башташты.

Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев Financial Times британ гезитине курган маегинде өлкө бийлиги Кыргызстандын «түштүк чек араларын бекемдөө боюнча чараларды көрүп жатканын» билдирген.

«Албетте биз Ооганстанда болуп жаткан окуяларга тынчсызданып жатабыз, ошондуктан чек араларыбызды бекемдөөгө кадамдарды жасап жатабыз», — деп билдирген анда Сариев.

Кундуз шаары үчүн болгон салгылаштардан кийин АКШнын президенти Барак Обама 5,5 миң америкалык аскерди Ооганстанда 2017-жылга чейин калтыруу чечимин кабыл алган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Борбордук Азия өлкөлөрүнө болгон сапарында аймактын лидерлери менен жолугушуп, алардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири экстремисттик топтордун күчөшүнө байланышкан коркунучтар жана аларга каршы күрөш жүргүзүү маселелери болгон.

Сүрөттө Ооганстандын тышкы иштер министринин орун басары Хикмет Халил Карзай.
Сүрөт: Khaama Press.