Бийликтен куулган президент Курманбек Бакиев Кыргызстандын бийлиги менен эл аралык соттордо соттошууга мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатканын билдирди. Ал ага каршы козголгон кылмыш иштерин «ойдон чыгарылып жасалган» деп эсептейт.

Бакиев президенттиктен кеткенден кийинки беш жыл аралыгында биринчи жолу интервью берди.

Беларустун TUT.by интернет порталына курган 48 мүнөттүк маегинде ал өзүнүн Беларуссиядагы жашоосу, анын убагындагы өкмөт алектенген экономикалык реформалар жана 2010-жылдын апрелиндеги революцияларга мамилеси тууралуу айтып берген.

«Өздөрүнө энчилеп алышты»

Бакиев 2010-жылдан берки ишке ашырылган ири долбоорлор анын эмгеги экенин билдирген.

«Эң ири долбоорлор — «Датка» подстанциясынын, «Датка-Кемин» электр өткөрүү линиясынын, «Кемин» подстанциясынын, жолдордун жана Баткендеги эң заманбап цемент заводунун курулуштары. Өзгөчө биз аягына чыгып калган Камбар-Ата ГЭСинин курулушун [Камбар-Ата-2нин биринчи агрегатынын ишке берилишин] белгилеп кетким келүүдө. Мен өлкөдөн чыгып кеткенден кийин жаңы бийлик болгону баскычты басуу менен аны ишке киргизип коюшту», — деп билдирген экс-президент.

Ал ошондой эле Кытай-Кыргызстан темир жолун куруу боюнча алгачкы сүйлөшүүлөрдү өзү жүргүзүп баштагандыгын айткан. Бирок бул долбоорго техникалык-экономикалык негиздемелерди иштеп чыгуу 2003-жылы, Бакиев президентикке келгенден эки жыл мурда эле башталган.

«Бүгүнкү бийлик уятсыздык менен бардыгын өзүнө энчилеп алып жатат, алардын баарын мен китебимде кеңири кылып жазгам», — деп билдирген качкын президент.

Бакиевдин пикиринде, анын өкмөтү «сырткы күчтөргө жакпаган» «оор реформаларды» ишке ашырган. Бирок ал кайсыл «сырткы күчтөр» тууралуу кеп болуп жатканын ачык айткан эмес.

«2009—2010-жылдары биз экономикада жана саясатта бир аз системалуу реформаларды жүргүзүп баштаганбыз. Алар белгилүү бир сырткы күчтөргө жаккан эмес. Реформалар дайыма өлкөнү начарлатат, анткени алар кимдир бирөөнү кыстырып алат. Бирок эгер реформалар туура болсо, канча бир убакыттан кийин алар өз жемиштерин берет», — деп эсептейт Бакиев.

Президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз кызматы экс-президенттин бул билдирүүлөрү боюнча түшүндүрмө берген жок.

«Соттошууга даярмын»

Бакиев анын жеке өзүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө каршы Кыргызстанда козголгон кылмыш иштеринин баарын «ойдон чыгарылып жасалган» деп эсептейт.

«Эгер көз карандысыз адилеттүү сот болсо мен соттошууга даярмын. Мен азыр соттошуу үчүн эл аралык түзүмдөрдө мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатам», — деген ал.

Анын пикиринде, эгер ал ага каршы козголгон кылмыш иштери боюнча Кыргызстанда доо арыз менен кайрылса «адилеттүү сот процесси болбойт».

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун юристи Жибек Кенжебекова Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде Бакиев Кыргызстан менен эл аралык соттордо соттошо албайт болушу керектигин билдирди. Айтымында, экс-президент соттун чечимдери боюнча кайрылууга мүмкүн болгон улуттук мыйзамдагы бардык жол-жоболорду жогото элек. Кенжебекованын айтымында, ал доо арыз менен кайрыла алат, бирок аны кабыл албай коюулары мүмкүн.

«Соттун чечимдери боюнча [Кыргызстанда] даттануу мөөнөтү өтүп кетти — апелляцияга бир ай, а кассацияга жарым жыл берилет. […] Адам укуктары боюнча комитетке даттануу арызын берүү үчүн эскирүү мөөнөтүү жок, бирок ал үчүн даттануунун бардык ички каражаттарын жоготушу керек», — деди Кенжебекова.

2014-жылдын июлунда Бакиевге карата мүлкүн мамлекеттик пайдасына алуу менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү сыртынан чыгарылган — аны 2010-жылдын апрелиндеги революция маалында 87 демонстрантты атууга айыпташкан. Бул иш боюнча сот дээрлик үч жылга чейин созулган.

Азырынча Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Бакиевдин бул айыптоолору боюнча эч нерсе билдире элек.

Путин менен сүйлөшүү

Экс-президенттин айтымында, ал ошол кезде Орусиянын өкмөт башчысы болуп турган учурдагы президент Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстандан чыгып кетүү чечимине келген.

«Путиндин анда айткан сөздөрү өмүр бою эсимде калды. Ал мага: «Ак үйдүн алдында болгон нерселер үчүн сизди эч ким жемелебейт. Бирок эгер Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүнүн ортосунда аймактар аралык жаңжал чыгып кете турган болсо, анда баарын сиздин мойнуңузга илишет. Мен сизге өлкөдөн чыгып кетүүңүздү сунуштайм», деген. Анан мен ойлонуп көрүү убадасын бергем», — деп билдирген Бакиев.

Экс-президент ал сүйлөшүүдөн кийин Кыргызстанда Бакиев «түштүктө армия топтоп жатат» деген «ушактар» тарап, ошондон кийин өлкөдөн чыгып кетүү чечимине келгенин кошумчалаган.

«Мен [Беларустун президенти Лукашенко] Александр Григорьевич менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин өлкөдөн чыгып кеткем. Ал менден Беларуска чакырсам кандай дейсин деп сурады. […] Мен ал сунушту кабыл алгандан кийин Казакстандын президенти менин Беларуска жетишимди камсыздаган атайын аскер бөлүктөрү менен учак жөнөткөн», — деп айткан экс-президент.

Бакиев 2010-жылдын апрелинде Жалал-Абаддагы туулуп-өскөн айылында жүргөн кезде Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын орун басары менен да сүйлөшүп, анын эл аралык көз карандысыз комиссия түзүүсүн өтүнгөнүн билдирген.

«Бирок бийликти басып алган убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү буга караманча каршы чыгышкан. Ошондо мен сырттан жардам болбостугун түшүндүм», — деген ал.

Курманбек Бакиев

Бакиев бийликке Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев президенттиктен кеткен 2005-жылдын 24-мартындагы революциядан кийин келген.

Ал ошол эле жылдын июнунда алгачкы президенттик мөөнөткө шайланган. Бир жарым жылдан кийин конституциялык реформа жарыялап, президенттин ыйгарым укуктарын кыйла күчөтүп, парламентти таркаткан.

Андан кийин өткөн парламенттик шайлоодо президенттик «Ак-Жол» партиясы жеңишке жетип, Жогорку Кеңештеги орундардын көбүнө ээ болгон. Аны менен катар ошол кездеги ири оппозициялык «Ата Мекен» партиясы мыйзам чыгаруу органына өтпөй калып, эл аралык байкоочулардын көптөгөн сын-пикирлерин жараткан. Алар Бакиевди шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого айыпташкан.

Ал 2009-жылы добуштардын 90 пайызы менен экинчи президенттик мөөнөткө шайланып келген. Бирок эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар ал добуш берүүнүн жыйынтыктарын да сынга алышкан.

Бакиев экинчи мөөнөткө шайланып келери менен дароо мамлекеттик башкаруу системасында масштабдуу реформаларды баштаган. Жыйынтыгында президенттик администрациянын ыйгарым укуктары күчөп, башчылыгына президенттин уулу Максим Бакиев дайындалган Инвенстиция жана инновацияларды өнүктүрүү боюнча борбордук агенттик түзүлгөн.

Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрелиндеги революциянын жүрүшүндө президенттик тактысынан ажырап, анын ордуна бийлик башына Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаровдон турган убактылуу өкмөт келген.

Со-автор: Дмитрий Мотинов.