Баяндоо Kloop.kgнин негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендердин атынан жүрөт

Тема боюнча: Бектур Искендер: Париж теракттардан кийин, 1-бөлүк [сүрөт]

129 кишинин өмүрүн алып кеткен Париждеги теракттардан төрт күн өттү.

Шаар дээрлик тынчып, жаштар кечкисин кайрадан 10чу жана 11-кварталдардагы көп сандаган барларга бара башташты, ал эми туристтердин агымы дүйнөгө белгилүү болгон ажайып жайларга кайтып келүүдө.

18-ноябрь күнү таң атпай Франциянын борборундагы атмосфера кайрадан коркунучтуу боло түштү — бүтүндөй шаар Сен-Денидеги атайын операцияга түз эфирде көз салып баштады. Сен-Дениде «Стад де Франс» стадиону жайгашкан жана 13-ноябрда жанкечти террорчулардын алгачкы жардыруулары да ошол аймакта орун алган болчу.

Полиция Сен-Дениде теракттарды жасаган деп шектелген адамдар жашырынып жүргөн батирди тапкан.

Атайын операциянын жыйынтыгында эки шектүү адам каза болду — бирөөсү денесине байланга жардыруучу затты ишке келтирүү менен жарылып өлсө, экинчисин полиция атып өлтүргөн. Полиция дагы жети шектүү адамды колго түшүрдү, бирок алардын арасында Париждеги чабуулдардын башкы уюштуруучусу делинип жаткан Абдельхамид Абауд жок болуп чыкты.

Мен Сен-Дениге операция аяктап калганда жете алдым. Анда полиция кызматкерлери абдан көп жүрдү:

stdenis_1692

Шектүүлөр жашырынып жаткан батир Сен-Денинин борбордук көчөлөрүнүн бири болгон Рю де ля Репюбликте жайгашкан. Батирдин кире беришинде — «Оранж» мобилдик операторунун жазуусу түрүндөгү ыңгайлуу ориентир. Ал төмөнкү сүрөттө көрүнүп турат:

stdenis_1699

Полиция аймакты толугу менен курчоого алгандыктан ал батирдин терезелерин эч ким көрө алган жок (кечке жакын ал батирдин маңдайында жайгашкан жергиликтүү жашоочунун үйүнө кирип, батирдин ичиндеги полиция кызматкерлерин сүрөткө тартууга жетишкен «Франс Пресстин» журналистинен башка, бирок бул операция аяктагандан бир нече сааттан кийин болгон).

Операциянын көпчүлүк бөлүгүн журналисттер өткөрүп жиберишкен жана атышуулардын үндөрү угулган эртең менен эрте тартылган видеолор жергиликтүү жашоочулардан сатылып алынган.

Көп өтпөй кээ бир сен-дениликтер мындай жол менен жаман эмес бизнес жүргүзүүгө болорун түшүнүшүп, журналисттер менен бирге мобилдик телефондор менен видеого тартып жүрүштү:

stdenis_1701

Ошондой эле журналисттерге «түнкү атышуулар тартылган эксклюзивдүү видеолорду» сатууга аракет кылган алдамчылар да пайда болушту. Анткени алар сунуштаган видеолор чынында интернеттен алынган видеолор болгон. Мага эле андай сунуш менен жергиликтүү жашоочулардан турган беш топ келди.

Мен ал топтордун биринен видеонун баасын сурап көрдүм. Мага начар англис тили менен «fourteen» деп жооп беришти. Мен 14 евро алып чыгып, «эксклюзивдүү видеону» акчаны берээрим менен жөнөтүп коюуларын сунуштадым.

Алар болсо өз ара шыбырашып, бир нерсени кызуу талкуулап башташты. Мен алардын сөздөрүнүн арасынан «quatre cent» деген сөздү угуп калдым — тактап айтканда, алар 14 эмес, а 400 еврого саткылары келген экен. Интернеттен алынган видеону. Кечиргиле, кийинки жолу.

Мындай алдамчылар, жергиликтүү журналисттер жана жөн эле кызыгып ары-бери басып жүргөн адамдарды кошкондо полициянын курчоосунун сыртында адам өтө көп болду.

stdenis_1696

stdenis_1705

stdenis_1709

stdenis_1714

Албетте Сен-Денинин жашоочуларынын бир бөлүгү алысыраак кетүүнү чечишкен:

stdenis_1695

Дагы бир бөлүгү тосмолордун алдында болбосо дагы бир аз алысыраак жерлерде акыркы жаңылыктарды талкуулап жатышты:

stdenis_1706

stdenis_1707

Жөн эле ары-бери басып кызыгып жүргөндөрдүн кээ бирлери телекамералардын болуп көрбөгөндөй санына кубанышып, алардын фонунда сүрөткө түшүп жатышты:

stdenis_1715

Мындай шарттарда иштөө жеңил болгон жок. Анткени дайыма кадрга адамдардын баштары түшүп калып жатты:

stdenis_1698

Андыктан бийигирээк жер издөө керек болду. Жапон журналисттери унаасынан куту алып чыгышып, камера менен штативди ошонун үстүнө коюп тарта башташты. Анан алардын камерасын тосуп алып жаткандардын баарына ачууланып, нааразычылыктарын билдиришти (бул саптардын автору да алардын каарына кабылды):

stdenis_1697

Албетте мында журналисттер абдан көп болду. Белгилүү Сен-Дени католик чиркөөсүнүн жанындагы аянт жылып жүрүүчү телестудияларга толгон:

stdenis_1693

Атаандаштыктын күчтүү экенин эске алганда, журналисттер болгон аракеттерин көрүшүп, жанагыл «Оранже» мобилдик операторунун жазуусу турган жакшы эмес батирге болушунча жакын барууга аракет кылышты. Кимдир бирөө «Франс Пресстин» жогоруда айтылган журналистиндей болуп жергиликтүү жашоочулардын батирлерине да кирүүгө жетишишкен (ал жакка да бекер кирбесе керек).

Башкалары жөн эле ары-бери басып жүргөн адамдар аз болгон көчөлөрдүн кесилиштерине барып, андагы курчоодо турган полиция кызматкерлери менен сүйлөшүп өтүүгө аракет кылышты.

Бул журналисттерди өткөрбөй коюшту:

stdenis_1716

Буларды дагы:

stdenis_1717

Кептин баары полиция тосмолор менен автоунааларын өтө эптүүлүк менен коюп койгондугунда болду:

stdenis_1711

Алар жалпыга жеткиликтүү болгон жерлерден журналисттерге дээрлик эч нерсе көрүнбөгүдөй кылып жайгаштырылган. Мен көчөлөрдө атайын даярдыктагы бөлүктөрдүн кызматкерлери көп болгон эртең мененки окуяларга жетишпей калдым, бирок операциялардын активдүү фазасы болуп жаткан ошол маалда да журналисттердин көбү мисалы, шектүүлөрдүн кармалышын тартып ала алышкан эмес.

Ошондуктан тосмонун ары жагында кандайдыр бир кыймыл болору менен баары тең дароо камераларын алышып, ошол тарапты көздөй багыттап жатышты. Мына, кичинекей жүк унаасы өтүп кетти — баары жандана түшүштү. Бирок жүк унаасынан башка эч нерсе көрө алышкан жок:

stdenis_1703

Мына, жарандык кийимчен жаңы тергөөчү келди — чогулган журналисттердин баары тең аны тартууга киришти:

stdenis_1704

Мына, дагы жарандык кийимчен үч тергөөчү (жана полиция кызматкери) атайын операция өткөрүлгөн үйдөн чыгышты — клац, клац, клац, ондогон фотокамералар сүрөткө тартып киришти:

stdenis_1713

Полиция кыматкерлери өзүлөрүн абдан жакшы алып жүрүштү. Эгер журналист тосулган аймактын сыртында турган болсо, анда ага каалаганын тартып, каалаган санда түз эфирге чыгууга уруксат берилген. (Ушул жерден мен Кыргызстандын ички иштер министри Мелис Турганбаевге салам айткым келүүдө. Ким эмне тууралуу айтып жатканымды түшүнбөсө, менин Кыргызстандагы атайын операциялар жөнүндө жазган пикиримди окуңуздар).

Франциянын полициясы журналисттер кандай болгон күндө да баары бир видео менен сүрөткө тартып, түз трансляцияларды жүргүзө берээрин түшүнөт, ошондуктан алар операциянын жашыруун бөлүгүн тартууга мүмкүн болбогудай кылып картондорду коюп коюшкан.

Тосмонун алдында турган полиция кызматкери аны өтө жакын жерден сүрөткө тартып алууга мүмкүн экенин сонун түшүнүп турат, ошондуктан ал журналисттерге каршы эч нерсе деп айта албайт:

stdenis_1702

stdenis_1712

Атайын операция өткөн жердин айланасын сүрөткө тартып бүткөн соң мен Сен-Денини кыдырып, жалпысынан шаарчада эмне болуп жатканын көрүп чыгууну чечтим.

Полиция курчоосунун айланасындагы бир нече кварталда дээрлик ишканалар, тамактануу жайлардын баары тең жабык болуп турду. Көчөлөрдүн кесилиштеринин биринин бурчундагы пицца сата турган жай тобокелге салып иштеп жатты. Тыныгуу маалдарында журналисттер дал ошол жерден тамактанып турушту:

stdenis_1708

А негизинен Сен-Дени бүгүн болжол менен мына мындай көрүнүштө болду:

stdenis_1720

Же мындай:

stdenis_1721

Метронун алдындагы ири соода борбору да дээрлик иштебей турду:

stdenis_1722

Ушуну менен менин Сен-Дениге болгон сапарым аяктады. Мен Парижге кайтып барып, бул шаарга экинчи жолу келсем да Эйфель мунарасында бир дагы жолу болбогонумду түшүндүм.

Маданий боштукту толтуруп, жок дегенде өмүрүмдө бир жолу болсо да интернетте миңдеп саналган Эйфель мунарасынын укмуштуудай шаблондуу фотосүрөтүн тартып коюу керек болду. Андай сүрөт менде да болсун да:

stdenis_1725

Уландысы бар

Тема боюнча: Бектур Искендер: Париж теракттардан кийин, 1-бөлүк [сүрөт]