№50 тергөө абагынын мурдагы башчысы Иманкул Телтаевди №1 тергөө абагынын медициналык бөлүмүнөн асынып өлгөн жеринен табышты. Ал жакка ал ушул жылдын октябрында абактан тогуз кылмышкердин качышына байланышкан иш боюнча 11-ноябрда камалган болчу.

Асынып өлгөн Телтаевдин денеси 20-ноябрь күнү эртең менен Бишкектеги №1 тергөө абагынын медициналык бөлүмүндө табылган, деп билдиришти Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын.

Ал ушул жылдын октябрында тогуз кылмышкер качып кеткен №50 тергөө абагынын башчысы болгон. Аталган түзөтүү абагында өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер кармалып келишкен.

ЖАМКнын маалыматы боюнча, Телтаевдин денесин нөөмөттөгү кызматкер тапкан. №50 тергөө абагынын мурдагы башчысы 11-ноябрда ал жетектеген абактан кылмышкерлердин качышы жана анын кызматкерлеринин өлтүрүлүшү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган болчу.

«Тергөө абагына камакка алынгандан кийин ал ден соолугуна даттанып, медициналык бөлүмгө жайгаштырылган болчу. Палатада жалгыз болгон», — деп жазылган ЖАМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Телтаев №50 абактын башчылыгынан Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Алик Мамыркуловдун буйругу менен 21-октябрда бошотулган. Анда Телтаевден сырткары дагы түзөтүү абагынын беш кызматкери жумуштан алынган болчу.

Иманкул Телтаев, №50 тергөө абагынын мурдагы башчысы. Сүрөт ЖАМКнын басма сөз кызматынан алынды.
Иманкул Телтаев, №50 тергөө абагынын мурдагы башчысы. Сүрөт ЖАМКнын басма сөз кызматынан алынды.

Абактан качуу

11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 тергөө абагынан тогуз кылмышкер качып кеткен болчу.

Ошол эле түнү алардын бешөөсү колго түшүрүлгөн — көп өтпөй кармалгандардын үчөөсү белгисиз себептерден улам абакта каза болушкан. Жаза аткаруу кызматынын маалыматтары боюнча, алардын экөөсү жүрөк жетишсиздиги менен жабыркашкан, а үчүнчүсүнүн баш сөөгүндө жаракаты бар болгон.

Качуу маалында алар абактын үч кызматкерин өлтүрүшкөн, дагы бирөөсүн — Тилек Абылгазиевди оор жарадар кылышкан. Ал алган жарааттарынан улам көп өтпөй ооруканада каза болгон.

Абактан качкандардын үчөөсү — Данияр Кадыралиев, Азамат Мүсүралиев жана Алтынбек Итибаев — аларды колго түшүрүү операцияларынын жүрүшүндө атылып өлтүрүлүшкөн. Милициянын версиясы боюнча, алар каршылык көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Качкандардын дагы бирөөсү — Эдил Абдрахманов — 22-октябрда тирүү кармалган, колго түшүрүү маалында аны бутка атышкан.

№50 абактан кылмышкерлердин качуусу бир катар эксперттер менен журналисттердин арасында анын жагдайлары тууралуу суроолорду жараткан. Премьер-министр Темир Сариев ЖАМКнын жетекчилигинен түзөтүү мекемелери системасында реформаларды талап кылган.

Абактан качкандар кармалып, акыркысы атылып өлтүрүлгөндөн бир нече апта өткөндөн кийин Жаза аткаруу кызматы өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылына курулган атайын №19 абакты ачып, аны журналисттерге тааныштырган.