Ички иштер министрлиги участкалык милиция кызматкеринин өлүмүнө шектүүлөр тууралуу маалымат бергендер үчүн 1 миллион сом акчалай сыйлык жарыяларды. Милициянын кенже лейтенантын 19-ноябрь күнү кечинде Бишкектин 8-кичи районунда атып кетишкен.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн участкалык милиционери Актилек Абдувалиевдин өлтүрүлүшү фактысы боюнча Кылмыш кодексинин №340 беренесинин (укук коргоо органынын кызматкерин өлтүрүү) негизинде кылмыш ишин козголгонун билдирди.

Абдувалиев кечээ, 19-ноябрь күнү кечинде эки «шектүү адамдын» документтерин текшерүү аракетин көргөн маалда атылып өлтүрүлгөн болчу.

«Бүгүн ИИМ өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлерди колго түшүрүүгө жардам берген маалымат үчүн 1 млн. сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык жарыялай тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алынды», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Милиционер өлтүрүлгөндөн кийин дароо эле шектүүлөрдү колго түшүрүү боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары башталгандыгы кабарланган. Анда кылмыш болгон аймактан алыс эмес жерде жүргөн Kloop.kgнин кабарчысы милиция 8-кичи райондогу кээ бир жолдорду жапкандыгын билдирген болчу.

Кылмыш кодексине ылайык, эгер шектүүлөрдүн күнөөсү далилденсе алар 12 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эрктеринен ажыратылуулары мүмкүн.

Участкалык милиционердин өлүмү

Актилек Абдувалиев — Октябрь РИИБсинде участкалык милиционер болуп иштеген 26 жаштагы кенже лейтенант — 19-ноябрь күнү кечинде болжол менен саат 20:00дордо өлтүрүлгөн.

Жергиликтүү ЖМКлар билдиришкендей, ал велосипедчен эки «шектүү адамдын» документтерин текшерүүгө аракет кылган.

«Алар баш тартышып, каршылык көрсөтүшкөн. Участкалык милиционер рация аркылуу жардамга чакырып баштаган, ошол маалда эки кишинин бирөөсү милиционерди атып жиберген», — деп жазган АКИпресс агенттиги.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан Абдувалиев өлтүрүлгөн жерден «болжолдуу түрдө Макаров үлгүсүндөгү тапанчанын» беш гильзасы табылганын билдиришти.

«Милиция кызматкери бир нече уурулук кылууга шектелген адамдардын документтерин текшергенге аракет кылган, ошол маалда алардын бирөөсү участкалык инспекторду атып жиберген», — деп жазылган ШИИБнин пресс-релизинде.