Бишкек милициясынын кызматкери 19-ноябрь күнү кечинде борбордун 8-кичи районунда өлтүрүлдү, деп билдиришти Бишкек ШИИБсинин басма сөз кызматынан. Жергиликтүү ЖМКлар аны эки «шектүү адамдын» докуметтерин текшерүү аракетин көргөн кезде атып кеткендиктерин кабарлашууда.

Милиционер 8-кичи райондогу №38 үйдүн жанынан Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 20:00дөрдө өлтүрүлгөн.

«19:55те чакыруу келип түштү. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кенже лейтенанты, участкалык кызматкер өлтүрүлгөн», — деп билдирди Шаардык тчкт иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Айгүл Давлетбаева.

«АКИпресс» маалымат агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме жасоо менен участкалык милиционер эки «шектүү адамдын» документтерин текшерүү аракетин көргөн маалда өлтүрүлгөндүгүн жазды.

«Алар баш тартышып, каршылык көрсөтүшкөн. Участкалык милиционер рация аркылуу жардамга чакырып баштаган, ошол маалда эки кишинин бирөөсү милиционерди атып жиберген», — деп жазды басылма.

24.kg маалымат агенттиги каза болгон милиционердин аты-жөнүн жазды — ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Октябрь райондук бөлүмүнүн кенже лейтенанты Актилек Авдувалиев.

«Болжолдуу маалыматтар боюнча, участкалык милиционер велосипедчен бир нече баланы токтотуп, алардын документтерин талап кылган, беркилер болсо каршылык көрсөтүшкөн. Андан соң милиционерди башка атып, качып кетишкен. Учурда биз ал аймакта издөө иштерин жүргүзүп жатабыз», — деп жазган 24.kg агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарынын билдирүүсүн.

Окуя болгон жерге барып келген Kloop.kgнин кабарчысы анда «милиционерлердин көп экенин» жана 8-кичи райондун ичиндеги кээ бир жолдор адамдардын өтүүлөрү үчүн жабык экенин билдирди.

«АКИпресс» Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен борбордун Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милиционерди өлтүрүүгө шектелгендерди колго түшүрүү боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп жаткандыктарын билдирүүдө.

ШИИБден ыкчам-иликтөө иш-чараларынын чоо-жайын билдирүүдөн баш тартышып, маалыматтын бардыгы «эртең менен гана» болорун айтышты.