Бишкекте экинчи дизайн фестивалы ачылды – былтыркыдай эле ал эки бөлүктөн турат:  билим берүү жана көргөзмө. Уюштуруучулардын пикирлеринде, быйылкы фестивалдын башкы айырмачылыгы экспонаттар менен лекциялардын «Гламурга каршы анти-гламур» деген бирдиктүү темасы болот.

Дизайн фестивалы 2015-жылы Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде өтүүдө – ал 20-ноябрдан 22-ноябрга чейин созулат.

Иш-чаранын уюштуруучусу Паризат Ибраимова Kloop.kgге курган маегинде фестиваль «эксперименттер үчүн чыгармачыл аянт» болуп эсептелерин айтты.

0007

2014-жылдагыдай эле фестиваль быйыл да билим берүү жана көргөзмө деген эки бөлүктөн турат. Көргөзмөгө 24 дизайнер катышууда.

Ибраимова быйылкы фестивалдын башкы айырмачылыгы анын темасында экенин айтты. Иш-чаранын 2015-жылдагы белгиленген темасы – «Гламурга каршы анти-гламур».

«Быйыл бизде белгилүү бир тема белгиленген. Эмгектерди сынактык негизде топтодук. Бул жолкусунда бир темада сөз сүйлөй турган 24 катышуучубуз бар», — деди Ибраимова.

0002

Анын айтымында, катышуучулар өз эмгектерин жаратуу үчүн «жөнөкөй нерселерди» пайдаланышкан.

«[Дизайнерлер] күнүмдүк нерселерди пайдаланышты, а биз аларга: «Эксперимент кылгыла. Жаңы бир нерсе жараткыла» деп айтып жатабыз», — деп түшүндүрдү ал.

Дизайн фестивалынын ачылышына Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отурбаева да катышты. Ал дизайн – бул «прогресстин» жана искусство «индустриясынын кыймылдаткычы» деп эсептейт.

«Бул балдар менен абдан көп иштеш керек. Көп нерселерди айтып берип, перспективаларды көрүү зарыл», — деди мурдагы өлкө башчысы катышуучулардын жаш курагын белгилеп – иш-чарага катышкан эң жаш дизайнер 16 жашта болду.

0008

Дизайн фестивалынын ачылышына келген көрүүчүлөрдүн пикирлеринде, көргөзмөдөгү эң эсте калган эмгек түштүк кореялык дизайнер Чихун Чжонгдун эмгеги болду – ал өз денесинин сөлөкөтүн буттары менен тартып, кооздогон.

0010

0001

0003

Көргөзмөнүн эң жаш катышуучусу – «705» чыгармачыл тобунун мүчөсү Кубанычбек Мырзабеков – көрүүчүлөрдүн назарына жыйылган отургучтар көрсөтүлгөн Амфитеатр» деген эмгегин сунуштады. Анын айтымында, бул эмгеги «кыргыз театрларынын учурдагы абалын» символдоштурат.

0004

Эмгектердин негизги бөлүгү түрдүү материалдардан – кагаз стикерлерден, бөтөлкөлөрдөн, илгичтерден жана дубал сааттарынан жасалган сүрөттөр түрүндө даярдалган.

0005

0009

21чи жана 22-ноябрь күндөрү фестиваль дизайн, фотосүрөт жана видео тармактарындагы заманбап тренддер тууралуу лекциялар менен уланат. Иш-чаранын билим берүү бөлүгүнө кирүүнүн баасы 400 сомду түзөт, а студенттер сессияларга 200 сом менен катыша алышат.

Авторлор: Ханзаада Нурадилова жана Айса Жеенбекова.
Сүрөттөрдүн автору: Уулжан Саякбаева.