Евразиялык экономикалык комиссия чет өлкөлүк интернет-дүкөндөрдөн жүргүзүлгөн сатып алуулардын  22 евродон ашкандары үчүн бажы жыйымдарын киргизүү маселесин талкуулап жатат, деп жазууда орусиялык ЖМКлар. Эгер жыйымдар киргизиле турган болсо алар ар бир сатып алуу үчүн 15 еврону түзөт.

Евразиялык экономикалык комиссия өзүнүн 43-жыйынында чет өлкөлүк интернет-дүкөндөрдөн сатылып алынган товарлардын импорттолушун көзөмөлдөө маселесин талкуулайт, деп жазды Орусиянын «Коммерсант» гезити интеграциялык биримдиктин аткаруу органындагы булагына шилтеме жасап.

Басылманын маалыматына ылайык, салмагы 1 килограммдан 10 килограммга чейин жана баасы 22 евродон кымбат болгон сатып алуулар үчүн 15 евролук бажы жыйымдары киргизилет.

ЕЭКтин өзүнөн гезитке жыйындын күн тартибинде онлайн-дүкөндөрдөн сатып алууларга карата бажы жыйымдарын киргизүү маселеси болору тууралуу маалыматты ырасташкан.

«Анда кандайдыр бир конкреттүү токтомдор же резолюциялар кабыл алынат деп айтууга болбойт», — деп жазган басылма ЕЭКтин өкүлүнүн айткандарын.

Бирок комиссиянын сайтына жарыяланган Евразиялык экономикалык биримдиктин  аткаруу органынын жыйынынын күн тартибинде андай пункт көрсөтүлгөн эмес.  

«Ведомости» гезити орус өкмөтүндөгү булактарына шилтеме жасоо менен жыйымдарсыз интернет-соода жүргүзүүнү жоюу боюнча Орусиянын демилгесин Беларусь менен Казакстан колдогондугун жазды — ал эми Армения менен Кыргызстан азырынча ал боюнча өз пикирлерин билдирише элек.

Кыргызстандын Экономика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматынан чет өлкөлүк онлайн-дүкөндөрдөн сатып алуулар үчүн бажы жыйымдарын киргизүү демилгеси боюнча маалыматтары жок экенин, ошондуктан азырынча ал тууралуу суроого жооп бере албай тургандыктарын айтышты.

Мыйзамдарга ылайык, Орусия, Армения жана Беларуста чет өлкөлүк онлайн-дүкөндөрдөн сатып алуулар үчүн жыйымдарды алууда чектөөлөр бар: орусиялыктар 1000 еврого чейинки, беларустар 200 еврого чейинки жана армяндар 300 еврого чейинки баадагы товарларга буйрутмаларды бере алышат.

Орусиялык онлайн-дүкөндөрдүн кызыкчылыктары

«Ведомости» дагы, «Коммерсант» дагы жазгандай, чет өлкөлүк онлайн-дүкөндөрдөн сатып алуулар үчүн бажы жыйымдарынын киргизилишине орусиялык интернет-ритейлерлер кызыкдар.

«Алар көптөн бери чет өлкөлүктөр менен атаандаштык күч экенин айтып даттанып келишет», — деп жазды «Ведомости».

Аны менен катар бул демилгеге Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги каршылыгын билдирүүдө. Мекеменин пикиринде, чектөөнү 1000 евродон дароо 150 еврого чейин төмөндөтүү «өтө эле катаал» болуп калат.

«Ооба, 150 еврого чейин түшүрүү өтө эле катаал болуп калат. Алгач ал чектөөнү 500 еврого чейин төмөндөтүп, анын жыйынтыктарын карап көрүүгө болот. Бирок биринчи кезекте ыңгайлуу жыйымдарды төлөө интернет-сервисин түзүү зарыл», — деп жазган «Ведомости» Орусиянын экономикалык өнүгүү министринин орун басары Владимир Евтуховдун айткандарын.

«Коммерсант» гезити орусиялык онлайн-ритейлерге шилтеме жасоо менен ЕЭКтин демилгеси «рыноктун жеңилдешине» алып келиши мүмкүндүгүн, бирок AliExpress сыяктуу ири оюнчуларга «жарым-жартылай гана» таасир эте тургандыгын жазды.

AliExpress — бул Кытайдагы ири онлайн-дүкөн болуп эсептелген «AliBabaга» таандык интернет аянтча. Компания америкалык eBay менен бирге Орусиянын онлайн-ритейлеринин эң ири атаандашы катары эсептелет.

Кыргызстандагы aMart.kg онлайн-гипермаркетинин директору Ринат Жабаев 2013-жылдын апрелинде Кыргызстандагы интернет-соода жүргүзүү рыногу 5-8 миллион АКШ долларын, ал эми оффлайн соода кылуу 3 млрд. АКШ долларын түзөрүн жазган болчу.