Майыптар менен жакыр үй-бүлөлөр биримдиги Ново-Покровка айыл администрациясынын башчысын социалдык турак-жайларды куруу үчүн топтолгон 16 млн. сомду өзүнө алып алган деп айыптоодо. Чиновник акчаны албаганын айтууда.

«Нур Күч» биримдигине мүчө болгон эки миңден ашык жакыр үй-бүлө менен майыптар  Ново-Покровка айыл башчысы Нурмахаммат Баяхуновду 16 млн. сомду өзүнө алып алган деп айыптап чыгышты.

«Нур Күчтүн» мүчөлөрү жогоруда көрсөтүлгөн суммадагы акча каражатын айыл чарба жоготууларына компенсация катары Баяхуновго берип, анын ордуна социалдык турак-жай куруу үчүн 81,5 гектар жер тилкесин алуулары керек болгондуктарын билдиришүүдө.

Видео: Талашка себеп болгон жер тилкеси:

Жер бөлүп берүү тууралуу келишим. Чоңойтуу үчүн сүрөттү басыңыздар
Жер бөлүп берүү тууралуу келишим. Чоңойтуу үчүн сүрөттү басыңыздар

Айыл чарба жоготууларын компенсациялоо – бул ал жерде өстүрүлгөн айыл чарда азыктарын сатуудан түшчү потенциалдуу пайда.

Биримдикке мүчө болгон жарды үй-бүлөлөр уюмдун башчысы Нурлан Үсөнов издеп тапкан чет өлкөлүк инвестордун акчасына үй куруп алууну пландашкан.

«Нур Күчтүн» мүчөлөрүнүн айтымдарында, 16 млн. сом Баяхуновго 2015-жылдын 17-февралында берилген, а чиновник болсо жер тилкелерин бөлүп берүү тууралуу келишимге кол коюп, Ново-Покровка айылдык администрациясынын атынан дүмүрчөк жазып берип, өз кол тамгасы менен бирге мөөр басып берген.

«Баяхунов айыл чарба жоготууларынын ордун толтуруу үчүн айтылган сумманы алып келдиңерби деп сурады. Үсөнов баштыктан акча каражатын алып чыкты. Алар доллар менен болчу. […] Биз ал акчаны санап бүткөнгө чейин күтүп турдук. Менимче анда эки миң доллардай болсо керек эле. Мен анын доллар менен берип жатканын көргөм», – деди өзүн түзүлгөн келишимдин күбөсү деп тааныштырган Намыс Турсунбаев.

Эч нерсе алган эмесмин жана кол койгон эмесмин

Азыр айыл башчысы акча алгандыгын четке кагып, документтердин жасалма экенин билдирүүдө.

«Мен ал кишилерден акча алган эмесмин, жер дагы турат. […] Ал келишим жасалма, мен кол койгон да, мөөр баскан да эмесмин», — деди Баяхунов Kloop.kgге курган маегинде.

Ал «Нур Күч» бирикмесинин мүчөлөрү менен жер тилкелери өкмөттүн чечими менен трансформация кылынгандан кийин гана бөлүнүп берилиши мүмкүндүгү тууралуу сүйлөшкөнүн кошумчалады. Айтымында, ал кандайдыр бир акча суммасы үчүн жер тилкесин берем деп так кесе убада бере албайт болчу.

«Алгач Ново-Покровкада жерлер сатылып жаткандыгы жөнүндө шаарда ушактар тарады. Билгендер мага чалып сурашкан, а мен: “Баары жайында, эч кандай көйгөй жок” дегем. Анан эки киши келип алар белгилүү бир  сумма төлөгөндүктөрүн, эми болсо жер тилкелерин алуулары керектигин айтышты. Мен аларга: “Кечиресиздер, а сиздер акчаны кайсыл жакка төлөдүңөр эле? Мага карата кандай дооматыңар бар?” деп сурадым», — деди айыл башчысы.

Kloop.kgнин редакциясы Баяхуновдун кол тамгасы боюнча Соттук экспертизанын мамлекеттик борбору тарабынан өткөрүлгөн экспертизанын жыйынтыктарын алды. Анда дүмүрчөктө коюлган кол тамга айыл башчысына таандык болушу мүмкүндүгү жазылган.

«Иликтенген кол тамгаларды салыштырууда  […] жалпы белгилердин: түзүлүш деңгээлинин, аткаруу темпинин, көлөмүнүн, жантаюусунун дал келүүлөрү аныкталды», — деп жазган экспертиза борборунун кызматкери өз корутундусунда.

photo6

Бирок экспертиза келишимдер менен дүмүрчөктөрдүн көчүрмөлөрү боюнча жүргүзүлгөндүктөн, адистер бул боюнча так кесе жооп бере алышкан эмес. Ал документтердин түп нускалары «Нур Күчтүн» кеңсесин тинтүү маалында милиция тарабынан алынган.

Тинтүүлөр жана куугунтуктоолор

Айыл чарба жоготууларына компенсация төлөө тууралуу дүмүрчөк. Чоңойтуу үчүн сүрөттү басыңыздар
Айыл чарба жоготууларына компенсация төлөө тууралуу дүмүрчөк. Чоңойтуу үчүн сүрөттү басыңыздар.

«Нур Күчтүн» мүчөлөрүнүн айтымдарында, келишим түзүлгөндөн кийин бирикменин башчысы Нурлан Үсөновду жергиликтүү милиция куугунтуктап баштаган, а Чүй облустук ИИБсинин жетекчилиги Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, Үсөновду алдамчылыкка айыптаган.

«Биримдиктин мүчөлөрү алдоо жолу менен үйлөрдү куруу үчүн деп 700дөн ашык кишиден алдын ала 400-500 доллардан алышкан. Жерлерди пайдаланууга деп алар жасалма дүмүрчөктөрдү беришкен», – деп билдирген ОИИБдин Тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары.

Ушул жылдын май айында Үсөновго каршы кылмыш иши козголуп, ал тергөө абагына камакка алынган.  Расмий негиз катары биримдиктин жабыр тарткан мүчөлөрү жазган делинген арыздар айтылган.

«Нур Күчтүн» юристи Лейла Назгүл Сейитбек Kloop.kgге ал арыздардын дээрлик баары тең жасалма болуп чыкканын айтты — арыз жазгандардын көбү биримдиктин мүчөсү эмес, а калгандарына милиция тараптан басымдар жасалган.

«Аларда [милицияда] Үсөновго каршы жазылган 15 арыз болгон, а бизде ошол эле адамдардын [дооматтарынан баш тарта тургандыктары жазылган] каршы жазган 15 арызы бар болчу. Биз сотко барып: «Эгер келтирилген чыгым жок болсо аны эмнеге камака аласыңар?», деп сурадык.  Бирок алар биздин айткандарыбызга көңүл бурбастан Үсөновду тергөө абагына камап коюшту», — деди ал.

Ал милиция бирикменин кеңсесинде эки жолу тинтүү жүргүзүп, акыркысында Баяхунов менен «Нур Күчтүн» ортосунда кол коюлган келишимдер менен дүмүрчөктөрдүн түп нускаларын алып кеткендиктерин айтты.

Азыр документтердин каякта экендиги белгисиз. Болжол менен алар милицияда, бирок бул так аныкталбаган маалымат.

Чүй облустук ИИБсинин расмий өкүлдөрү бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты. Басма сөз кызматынан милиция Үсөновдун иши боюнча ишти аяктап, аны сотко жөнөткөндүгүн, ошондуктан бул тууралуу кандайдыр бир түшүндүрмө бере албай тургандыктарын айтышты.

Акча кайда?

«Нур Күчтүн» юристи милициянын аракеттеринин артында Баяхуновдун өзү турат деп эсептейт — анын пикиринде, Ново-Покровка айыл администрациясынын башчысы акчаны өзүнө алып  алып, эми укук коргоо органдары жана соттор аркылуу ишти бүтүрүүгө аракет кылууда.

«Келишим түзүлгөндөн кийин алар («Нур Күчтүн» мүчөлөрү — редакциянын түшүндүрмөсү) өз кеңсесине кетишкен, а эки аптадан кийин Баяхунов акчанын алынышын алгач санкцияланган эмес, андан соң санкцияланган кылууга аракеттенүүдө. Ошентип, ал биздин документтерибизди алган», — деди ал.

Айыл башчысынын өзү ал акчаны алгандыгын четке кагууда – ал Үсөновго каршы кылмыш иши Ново-Покровкадагы жер тилкелерине байланыштуу болгондуктан, өзүн жабырлануучу катары эсептейт.

«Эгер андай болсо (акча берүү – редакциянын түшүнүрмөсү), анда мен бул жерде отурбайт болчумун. […] Андай акча эч кимге жөн эле берилбейт. Андай акчаларды берүүнүн тартиптери бар… Жерди трансформациялоо үчүн акча берилген дегендин өзү туура эмес болууда. Ал үчүн өкмөттүн токтому болушу керек, анда айыл чарба жоготуулары эсептелет. Бирок алардын баары тең биздин ишибиз эмес», — деди ал.

Kloop.kgнин кабарчылары Баяхунов менен анын туугандарынын кирешелери тууралуу расмий маалыматтарды алуу үчүн мамлекеттик органдарга сурам жөнөтүшкөн. Чиновниктин өзү парламенттик шайлоого КСДП партиясынын тизмеси менен катышкандыгы белгилүү — ал партия тизмесинде 43-катарда болгон.

Жөнөтүлгөн сурамга Мамлекеттик каттоо кызматы муниципалдык кызматкерлер кирешелери тууралуу 2014-жылдан тарта гана отчет берип баштагандыктарын, а айыл администрацияларынын башчылары деклорация тапшырууга милдеттүү эмес экендиктерин билдиришти.

Азыр 16 млн. сомдун каякта экендиги дагы деле белгисиз бойдон калууда — кассадагы кирешелер жазылчу китепчеге ал дүмүрчөк катталган эмес, «Нур Күч» айыл башчысын ал акчаны өзүнө алып алган деп айыптоодо, өз кезегинде ал дарегине айтылган айыптоолорду четке кагууда.

Урматтуу окурмандар, айыл башчысынын мүлкү тууралуу эмне билесиңер? Ал эмнелерге ээлик кылат? Кайсыл жерде жана кандай жашайт? Аны кандай мүнөздөй аласыңар? Эгер силерге бул окуянын жазылбаган чоо-жайы белгилүү болсо eldiyar@kloop.kg электрондук дареги же +996 773 018 918 номуру аркылуу кабарлагыла.

Авторлор: Эльнура Алканова жана Эльдияр Арыкбаев
Видео: Дмитрий Мотинов жана Владимир Цай