Транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев «Авиа Траффик» компаниясынын 22-ноябрь күнү Оштогу аба майдандын учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен учагын оңдоого мүмкүн эмес экенин билдирди.

Малабаев «Авиа Траффик» компаниясынын Оштогу аба майдандын учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен Боинг 737-300 учагы дээрлик 25 жылдан бери пайдаланылып келгендигин жана 22-ноябрдан кийинки кырсыктан соң ал оңдоого мүмкүн болбогон абалга жеткенин айтты.

«Авиа Траффик» авиакомпаниясынын Красноярск — Ош каттамын аткарып жаткан учагы конуу маалында Оштогу аба майдандын учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен, андан улам анын биринчи кыймылдаткычы менен шассилеринин бири жарактан чыккан.

«Учак аба ырайына байланыштуу кырсыкка учураган», — деп билдирди Транспорт министрлигинин башчысы Аргынбек Малабаев 23-ноябрдагы маалымат жыйынында.

Анын маалыматтары боюнча, алгачкы жолу конуу аракет көрүлгөндө коюу тумандан улам учак тилкеге тийип өткөн, ага байланыштуу биринчи кыймылдаткыч иштебей калып, гидросистемасы жарым-жартылай жарактан чыккан. Ал эми экинчи жолку конуу аракети көрүлгөндө учак тилкеден чыгып кеткен.

«Объективдүү иликтөөнүн кызыкчылыгы үчүн комиссиянын иши жарыяланганга чейин биз учактын кырсыкташы боюнча кандайдыр бир жыйынтыктарды чыгарбайбыз. Коммисиянын болжолдуу жыйынтыктары 10 күндүн ичинде чыгарылат», — деп белгиледи Малабаев.

Учактын ичинде 154 жүргүнчү жана 6 экипаж мүчөсү болгон.  Болжолдуу маалыматтар боюнча, алардын ичинен кош бойлуу аялдын мээси чайкалып, тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.

Кыргызстандын Транспорт прокуратурасы аба транспортунун коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

«Авиа Траффик» компаниясынын өкүлдөрү бош эмес экендиктерин орой түрдө билдиришип, бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Транспорт министрлигинин башчысы Малабаевдин айтымында, «Авиа Траффик» компаниясы учактын жабыр тарткан жүргүнчүлөрүнө компенсация төлөп берет.

Учурда өкмөттүк комиссиядан сырткары кырсык боюнча Ошто жүргөн Эл аралык авиациялык комиссия да өз иликтөөсүн жүргүзүүдө.

Ош аба майданындагы кырсыктар

Бул 2015-жылдын ичинде Ош аба майданында орун алган экинчи авиакырсык — марттын аягында «Эйр Манас» компаниясынын учагы катуу жааган кардан улам учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен болчу.

2011-жылдын аягында «Кыргызстан» авиакомпаниясынын учагы катуу конуу маалында жабыркаган — анда учактын шассиси үзүлүп, канаты түшүп калган, ал эми учактын өзү учуп-конуу тилкесинен өткөндөн кийин оодарылып кетип,  күйүп баштаган.

Анда 26 адам түрдүү даражадагы жаракаттарды алышкан, бирок курмандыктар болгон эмес.

Видеонун автору: Дмитрий Мотинов.