Башкы прокуратура Бишкектеги №1 тергөө абагынын башчысынын милдетин аткаруучу Б.Тга карата кылмыш ишин козгоду. Ал 20-ноябрда абактын медициналык бөлүмүнүн палатасында асынып өлгөн жеринен табылган №50 түрмөнүн мурдагы башчысы Иманкул Телтаевди талаптагыдай күзөт менен камсыз кылган эмес деп айыпталууда.

Тергөө абактын башчысынын милдетин аткаруучуга каршы кылмыш ишинин козголгондугу тууралуу билдирүү 24-ноябрда — Телтаев абактын медициналык бөлүмүндөгү палатада асынып өлгөн жеринен табылгандан төрт күн өткөндөн кийин пайда болду.

Башкы прокуратура №1 тергөө абагынын башчысынын милдетин аткаруучуну абактын ички тартип эрежелерин бузган деп, «кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренеси боюнча айыптоодо.

«[Б.Т.] тергөө абагынын башчысынын орун басары менен медициналык санитардык бөлүмдүн терапевт даарыгерине Телтаев И.Аны кайтарылбаган палатага жайгаштыруу боюнча оозеки түрдө буйрук берген», — деп жазылган Башкы прокуратуранын пресс-релизинде.

Ушул жылдын октябрында 9 кылмышкер качкан №50 тергөө абагынын мурдагы башчысы Иманкул Телтаев 20-ноябрь күнү эртең менен №1 тергөө абагынын медициналык бөлүмүндөгү палатада асынып өлгөн жеринен табылган.   

№50 абактын мурдагы башчысынын уулу Улан Телтаев «Азаттык» радиосуна курган маегинде атасы «окуянын курмандыгы» болгонун билдирген.

«Мен атамдын асынып өлгөнүнө ишенбейм. Кечээ күнү саат 11:30дар чамасында жолукканбыз. Атам окуянын курмандыгы болуп калды. Ал тийиштүү кагаздар бар, аягына чейин чыдайм деп, боштондукка чыгаарына көзү жетип аткан», — деп жазган «Азаттык» радиосу Улан Телтаевдин айткандарын.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков «Вести.кг» басылмасына берген маегинде Телтаевдин «ишмердүүлүгүн билгенден кийин» аны УКМКнын тергөө абагына камоо керек болгондугун айткан.

«№1 тергөө абагында Телтаевден өч алууну каалаган көп адамдын камакта отурганын билип туруп аны ал жакка эмес, а УКМКнын тергөө абагына камашса болмок. Телтаев бекеринен аны убактылуу кармоочу жайдан №1 тергөө абагына которуу ыктымалдыгынан кооптонбосо керек деп ойлойм, анткени ал анын ишканасын ичинен билет», — деп жазган «Вести.кг» Медетбековдун айткандарын.

Телтаев 21-октябрда Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Алик Мамыркуловдун буйругу менен №50 тергөө абагынын башчылыгынан бошотулган.  Андан сырткары түзөтүү абагынын дагы беш кызматкери кызматтарынан алынышкан болчу.

Абактан качуу

11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 тергөө абагынан тогуз кылмышкер качкан.

Ошол эле түнү алардын бешөөсү колго түшүрүлгөн — көп өтпөй кармалгандардын үчөөсү белгисиз себептерден улам абакта каза болушкан. Жаза аткаруу кызматынын маалыматтары боюнча, алардын экөөсү жүрөк жетишсиздиги менен жабыркашкан, а үчүнчүсүнүн баш сөөгүндө жаракаты бар болгон.

Качуу маалында алар абактын үч кызматкерин өлтүрүшкөн, дагы бирөөсүн — Тилек Абылгазиевди оор жарадар кылышкан. Ал алган жарааттарынан улам көп өтпөй ооруканада каза болгон.

Абактан качкандардын үчөөсү — Данияр Кадыралиев, Азамат Мүсүралиев жана Алтынбек Итибаев — аларды колго түшүрүү операцияларынын жүрүшүндө атылып өлтүрүлүшкөн. Милициянын версиясы боюнча, алар каршылык көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Качкандардын дагы бирөөсү — Эдил Абдрахманов — 22-октябрда тирүү кармалган, колго түшүрүү маалында аны бутка атышкан.

№50 абактан кылмышкерлердин качуусу бир катар эксперттер менен журналисттердин арасында анын жагдайлары тууралуу суроолорду жараткан. Премьер-министр Темир Сариев ЖАМКнын жетекчилигинен түзөтүү мекемелери системасында реформаларды талап кылган.

Абактан качкандар кармалып, акыркысы атылып өлтүрүлгөндөн бир нече апта өткөндөн кийин Жаза аткаруу кызматы өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылына курулган атайын №19 абакты ачып, аны журналисттерге тааныштырган.