Кытай темир жол корпорациясы Борбордук Азия аркылуу өтүп, Үрүмчү шаары менен Иранды байланыштыра турган жогорку ылдамдыктагы темир жолдун долбоору менен тааныштырды. Жүргүнчүлөрдү ташый турган поезддердин ылдамдыктары саатына 250 чакырымга жетет деп болжолдонууда.
Долбоор Кытайдын темир жол корпорациясынын башкы инженери Хе Хуаю тарабынан «Бир алкак, бир жол» деген аталыштагы кытай демилгесине арналып 19-ноябрда өткөн форумдун жүрүшүндө тааныштырылды.
China Daily гезити билдиргендей, темир жол төмөндөгүдөй маршрут боюнча өтүшү керек болот: Үрүмчү жана Инин (Кульжа) — Алматы — Бишкек — Ташкент — Самарканд — Ашхабад — Тегеран.
Хуаюнун айтымында, бул жогорку ылдамдыктагы жолду Борбордук Азияны Москва менен бириктирип турган темир жол түйүндөрү менен бириктирүүгө болот болчу.
Бирок жыйырма жылдан бери Кытай менен Европаны байланыштыра ала турган трансконтиненталдуу темир жолдун курулушу үчүн алардын колеяларынын жазылыгындагы айырмачылык башкы көйгөй болуп келет.
Анын жазылыгынын жалпы дүйнөлүк стандарты — 1435 милиметр болсо, учурда Борбордук Азия өлкөлөрүндө пайдаланылып жаткан орусиялык стандарт — 1520 милиметрди түзөт. Ал эми Кытай менен аймактагы өлкөлөрдүн чек араларында дөңгөлөк жуптарын алмаштырууга бир нече сутка убакыт талап кылынышы мүмкүн.
«Ал өлкөлөрдү (Борбордук Азия) учурда иштеп жаткан темир жол магистралдарын алмаштырууга көндүрүү ылайыксыз. Бирок мен сунуштап жаткан жогорку ылдамдыктагы темир жол Кытайды башка аймактар менен оңой эле байланыштыра алат. Колеялардын эл аралык стандарттары 1435 милиметр болгондуктан, жаңы магистраль ошонун негизинде курулушу мүмкүн», — деп билдирди Хуаю.
Анын айтымында, кытай-казак чек арасындагы Хоргос станциясынын өткөрүү мүмкүнчүлүгү — 100 млн. тонна жүктү түзөт, бирок 2014-жылы ал аркылуу болгону 17 млн. тонна гана жүк алынып өткөн.
«Суу аркылуу ташылган жүктүү контейнерлердин ордуна кургактык аркылуу ташыла турган контейнерлердин санынын көбөйүшү жаңы жолдун курулушунун баасын актай алат», — деди Кытай темир жол корпорациясынын башкы инженери.
Анын айтымында, жүк ташыган жана жүргүнчү ташыган поезддер бири-бирине тоскоолдук кылбастан бир эле жол аркылуу жүрө алышат.
«Жалгыз гана айырмасы ылдамдыгында болушу мүмкүн: жүргүнчү ташыган поезддер ылдамдыгын саатына 250-300 чакырымга чейин жеткире алышат, а жүк ташыгандары 120 гана чакырым», — деп кошумчалады ал.
Бул Кытай менен Европаны байланыштырышы керек болгон темир жолдун үчүнчү долбоору.
Биринчи долбоор 1996-жылы сунушталып, ал Кыргызстан, Өзбекстан, Ооганстан, Иран жана Түркия аркылуу өтүшү керек болчу.
Темир жолдун экинчи долбоору — Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран — ирандыктар тараптан ишке ашырыла баштаган.
Кыргыз бийлиги өз аймагы аркылуу өтө турган темир жолдун курулушуна макулдугун берген, бирок азырынча сүйлөшүүлөр уланууда, анткени Бишкек келишимдеги бир нече пункттун өзгөртүлүшүн каалап жатат:
- Кытай ал жолдун курулушун каржылашы керек, анын кыргыз аймагы аркылуу өтө турган бөлүгүнүн баасы 2 млрд. АКШ долларына жетет;
- Кыргызстан Кытайдан өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бирикирип, жаңы Балыкчы-Жалал-Абад унаа жолу менен паралелль кете турган ички темир жол түйүндөрүнүн өнүгүшүнө инвестицияларды сурап жатат;
- Колеялардын жазылыгы да талаш-тартыштарды жаратууда: Кытай эл аралык стандартта болуусу керек деп жатса, кыргыз тарап орусиялык стандартта болушун каалап жатат.
Бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдүн акыркы раунду 2015-жылдын феврвлында өтүп, анда тараптар колеялардын жазылыгынын орусиялык стандартын пайдалануу боюнча болжолдуу макулдашууга келишкен.
Сүрөт: NBC News.