24-ноябрда Түркия «аба мейкиндигин бузгандыгы» үчүн Орусиянын Су-24 аскердик учагын атып түшүргөн. Орусия учагынын Түркия аймагына киргенин четке кагууда. kloop.kg тараптардын жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн реакцияларын бир материалга топтоду.

Орусиянын Су-24 аскердик учагы 24-ноябрда түрк аба-аскер күчтөрү тарабынан атылып түшүрүлгөн — бул өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык чырдын чыгуусуна себеп болду. Анда эки тарап тең өз көз карашынын туура экенин далилдөөгө аракет кылууда.

su1_700

Су-24 учагында эки орусиялык учкуч болгон — алардын бирөөсүн Түндүк Сириядагы түркмөндөр туткундап алышып, кийинчерээк аны Сирия армиясынын аскерлери бошотуп чыгышкан, а экинчиси учак кулап түшкөндөн кийин андагы оппозиция өкүлдөрү тарабынан өлтүрүлгөн.

Окуя Сириядагы согушка катышып жаткандардын ким экендигин аныктоо боюнча сүйлөшүүлөргө бир нече күн калганда орун алууда. Ал жолугушууда Сирия жаңжалында кимди террорист деп, а кимди андай эмес деп атоо керектиги маселеси чечилиши керек болчу.

Түркия: Чек араны коргогонбуз, мамилелердин начарлашын каалабайбыз

Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган дүйнөнүн калган өлкөлөрү түрк бийлигинин өз аймагын коргоо укугун сыйлоолору керектигин билдирди. Анын айтымында, Орусиянын Су-24 аскердик учагы Түркиянын аба мейкиндигин бузган.

Эрдоган Су-24 атылып түшүрүлгөнгө чейин түрк аба-аскерий күчтөрү анын учкучтарына «беш мүнөттүн ичинде 10 жолу эскертүү бергендиктерин» билдирди. Түрк президентинин айтымында, өлкөнүн аскердик учактары күчтөр менен курал колдонуунун эрежелерине ылайык аракет көрүшкөн.

Реджеп Тайип Эрдоган.
Реджеп Тайип Эрдоган.

Би-би-си 25-ноябрда Эрдоганга шилтеме жасоо менен Түркия учактын атылып түшүрүлгөнүнөн улам Орусия менен мамилелердин начарлашын каалабастыгын билдирди. Анын айтымында, Түркия Сириядан келген мигранттардын агымын кармап туруу ниетинде.

«Биз өз гуманитардык миссиябызды Сирия менен болгон чек аранын эки тарабында тең улантабыз. Иммиграциянын жаңы агымын алдын алуу үчүн бардык тиешелүү чараларды кабыл алууга даярбыз», — деп билдирди Би-би-си Эрдогандын айткандарын.

Орусия: Чек араны бузган эмеспиз, Түркия үчүн кесепеттери болот

Орусиянын президенти Владимир Путин орус Су-24 учагы Түркиянын чек арасын бузбагандыгын билдирди. Орус бийлигинин версиясы боюнча, аскердик учак түндүк Латакияда «Ислам мамлекетине» каршы операцияга катышып жаткан.

Путин бул окуяны «кылмыш» жана «далыга бычак уруу» деп атады. «Бул жоготуу терроризмдин көмөкчүлөрү тарабынан далыбызга урулган соккусуна байланыштуу. Бүгүн болгон окуяны мен башкача түшүндүрө албайм», — деп билдирди ал.

171530

Орусиянын президенти Су-24 учагынын атылып түшүрүлүшү «орус-түрк мамилелери үчүн олуттуу кесепеттерин» тийгизээрин кошумчалады. Бирок азырынча Путиндин кайсыл кесепеттер тууралуу айтып жаткандыгы так белгисиз.

Премьер-министр Дмитрий Медведев Орусия Түркия менен болгон бардык биргелешкен долбоорлорду токтотушу жана түрк компаниялары орус рыногунда өз позицияларын жоготуулары мүмкүндүгүн билдирди.

25-ноябрда Орусиянын ТИМи орусиялыктарга Түркияга барбоону сунуштады. Ири туристтик операторлор ал сунушка баш ийишип, жолдонмолорду сатууну токтотушту.

Ростуризмдин маалыматы боюнча, орусиялыктар үчүн Түркия 2015-жылдын биринчи алты айынын ичинде популярдуулугу боюнча экинчи курорттук багыт болгон.

Орусиянын туроператорлор ассоциациясынын билдирүүсү боюнча, эгер 2-3 ай жолдонмолор сатылбаса, туристтик бизнес «миллиондогон долларларды» жоготушу мүмкүн.

НАТО: Түркияны колдойбуз, тынчтыкка чакырабыз

Түндүкатлантика альянсы (НАТО) Түркия менен «тилектеш» экенин жана анын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын билдирди. Түркия НАТОнун курамына кирет жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча коалициянын активдүү мүчөсү болуп эсептелет.

«Биз Түркия менен тилектешпиз жана союздашыбыздын аймактык бүтүндүгүн колдойбуз. Мен Анкара менен Москванын мындан аркы кызматташуусун чыдамсыздык менен күтөм жана тараптарды тынчтыкка чакырам», — деп билдирди НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.

НАТОнун башкы катчысы Йен Столтенберг.
НАТОнун башкы катчысы Йен Столтенберг.

Ал терроризмге каршы күрөшүү боюнча союзниктерге күчтөрдү «Ислам мамлекетине» каршы багыттоо керектигин билдирди. Столтенберг Сириянын Орусия бомбалап жаткан бөлүктөрүнүн көбү «Ислам мамлекетинин» позицияларынан кыйла алыс экенин кошумчалады.

«Биз Орусия тараптан жасалып жаткан чабуулдардын көбү дагы деле Сириянын «Ислам мамлекетинин» позициялары жок бөлүктөрүнө багытталып жаткандыгын көрүүдөбүз. […] Биздин жалпы душманыбыз — «Ислам мамлекети», ошондуктан мен дагы ошолорго каршы күрөштү күчөтүүгө бардык аракеттердин жамшалышын колдойт элем», — деп билдирди НАТОнун баш катчысы.

АКШ: Бул окуя Орусиянын Сирияда болушунун көйгөйлөрүн көрсөттү

АКШ президенти Барак Обама окуя Орусиянын Сирияда болушунун көйгөйлөрүн көрсөткөнүн билдирди. «Орусия түрк чек арасына өтө эле жакын аракеттерди көрүп, биринчи кезекте «Ислам мамлекетинин» позицияларына эмес, а оппозициянын күчтөрүнө сокку уруп жаткандыгы [көйгөйлөр]», — деп билдирди Би-би-си анын айткандарын.

Аны менен катар Обама Түркия өз аймагы менен аба мейкиндигин коргоого укуктуу экенин кошумчалады. Анын пикиринде, азыр эмне болгондугун так аныктап, чырдын ырбап кетишине каршы чараларды көрүү маанилүү.

Barack Obama, Recep Tayyip Erdogan

«Азыр орусиялыктар менен түрктөр бири-бири менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эмне болгонун так аныктап, чырдын кандай гана өңүттө болбосун ырбап кетүүсүнө каршы чараларды көрүүсү абдан маанилүү», — деп билдирди Азаттык радиосу америкалык президенттин айткандарын.

Обама ошондой эле Орусиянын Сириядагы аракеттерин көйгөйлүү деп атап, ошол эле маалда эгер Орусия өз стратегиясын өзгөртсө, анда АКШ менен кызматташуу үчүн эбегейсиз потенциал ачыларын белгиледи, деп билдирди Москва жаңырыгы радиосу.

Сирия: Орусияны колдойбуз

Сирия-араб жаңылыктар агенттиги (САЖА) Сирия армиясынын аскердик чөйрөсүндөгү булактын билдирүүлөрүн жазды — агенттиктин маектешинин пикиринде, Түркия өз аракети менен «террористтерди колдой турганын» көрсөттү.

«Бул акция Орусия башында турган досторубуздун колдоосу алдында террористтик уюмдарга каршы күрөштөгү чечкиндүүлүгүбүздү гана күчөтөт», — деп билдирген агенттиктин булагы.

Сириянын президенти Башар Асад менен Орусия президенти Владимир Путин.
Сириянын президенти Башар Асад менен Орусия президенти Владимир Путин.

САЖАнын маектешинин айтымында, орусиялык учак Сириянын аймагында аскердик тапшырманы аткарып келе жаткан.

Кытай: Абалга көз салып жатабыз

Кытайдын ТИМинин өкүлү КЭР окуялардын өнүгүшүнө көз салып, тараптардын өз ара байланыш түзө ала тургандыктарына үмүттөнүп жатканын билдирди.

«Биз окуяга абдан көңүл коюп көз салып жатабыз. Азыр абал түшүндүрмөлөрдү талап кылып турат. Биз террористтерге каршы аракеттерди колдойбуз жана тараптардын бардыгы тең өз ара байланыш түзүшөт деген үмүттөбүз», — деп билдирди ал.

Авторлор: Александра Капушенко жана Мээрим Кулдаева.