Парламент депутаттары көпчүлүк добуш менен жардамчылардан, кеңешчилерден жана кызматтык үйлөрдөн баш тартуу демилгесин колдошкон жок. Буга чейин атайын түзүлгөн депутаттык комиссия парламентке чыгымдарын кыскартып, артыкчылыктардан баш тартпоону сунуштаган болчу.

Парламент көпчүлүк добуш менен өз артыкчылыктарын кыскартуудан баш тартты — 70 депутат баш тартуу үчүн жана 36 депутат баш тартууга каршы добуш беришти. Дагы 14 депутат добуш берген жок же алар жыйынга катышышкан эмес.

Ошентип, депутаттар жардамчыларын, кеңешчилерин жана кызматтык үйлөрүн сактап калышты. «К-Ньюс» маалымат агенттиги билдиргендей, парламентарийлер өз автоунаалары менен жүрүшөт, бирок аларга «KG» сериясындагы мамлекеттик номурлар тагылат.

Жогорку Кеңеш ай сайын атайын депутаттык фонддон күйүүчү-майлоочу материалдарга деп 40 миң сомдон бөлүп берип турат.

121461-576x1024

Депутаттык артыкчылыктардан баш тартуу парламентке өткөн алты партиянын төртөөсүнүн шайлоо алдындагы башкы убададарынын бири болгон. Алар: «Республика — Ата-Журт», «Бир Бол», «Ата Мекен» жана «Кыргызстан».

Жыйынтыгында «Республика — Ата-Журт» фракциясы гана артыкчылыктардын жоюлушун колдоп добуш берди. Аларга КСДПнын сегиз депутаты кошулду, алардын арасында фракция лидери Чыныбай Турсунбеков дагы бар.

Күн мурун, 24-ноябрда парламенттин түзүмү менен чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча депутаттык комиссия дагы парламентке артыкчылыктардан жана Жогорку Кеңештин аппаратынын чыгымдарын кыскартуудан баш тартпоону сунуштаган болчу. Парламенттин түзүмүн өзгөртүү боюнча альтернативдүү программаларды «Республика — Ата-Журт» менен «Бир Бол» фракциялары сунушташкан, бирок алардын программалары каралган жок.

Комиссиянын төрагасы жана «Кыргызстан» фракциясынан парламенттин вице-спикери Нурбек Алимбеков 25-ноябрдагы жыйында сунушталып жаткан оптимизациялоонун жыйынтыгында парламенттин бюджети 50 млн. сомго кыскарарын билдирди.

Комиссия мүчөсү жана «Республика — Ата-Журт» фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова комиссия коюлган максаттарга жетпегенин билдирди — парламенттин чыгымдары кыскарбайт.

«Мыйзам долбоорлордун экспертизасын бир эле Экспертиза бөлүмүндө жүргүзүүгө болот, аларды лингвистикалык жана башка бөлүмдөргө бөлбөй, Жогорку Кеңештин аппараты менен парламенттин Иш башкармалыгын бир түзүмгө бириктирүү керек. Азыр биз бир гана кеңешчи менен иштеп жатабыз, андан жумушубуз начарлап кеткен жок», — деп жазды «АКИпресс» Өмүрбекованын айткандарын.

Ал ошондой эле депутаттар айдоочулардан баш тартып, төраганын фондун 30 млн. сомдон 10 млн. сомго чейин кыскартуулары керектигин белгиледи. Айтымында, «ал акчаны жумшай турган көйгөйлөр толтура».

Жооп катары төрага Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин аппаратына тийшпөө керектигин, анткени парламент «өз натыйжалуулугун жоготуп алышы мүмкүндүгүн» билдирди.

«Жогорку Кеңеш өз милдеттерин аткарышы керек, убада берген үчүн гана баарын кыскарта берсе, анда натыйжалуулукту жоготуп алууга болот. Анын жыйынтыгында мамлекетке андан да көп чыгым келтирилет», — деп жазды «К-Ньюс» Жээнбековдун айткандарын.

Добуш берүүнүн жыйынтыктыгынын сүрөтү: Knews.kg.